21:34 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1634
  • EUR80.0375
  • RUB1.0917
Бишкек — Ош автожолун тосууга аракет кылган Акман айылынын 5 тургунуна 3 миң сомдон айып салынды

Жол тосууга аракет кылган Текебаевдин жактоочуларына 3 миң сомдон айып салынды

© Sputnik / Талгат Бакиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (88)
567 0 0

Учурда Базар-Коргон районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу экенин милициядан тастыкташты.

ЖАЛАЛ-АБАД, 10-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолун тосууга аракет кылган Акман айылынын 5 тургунуна 3 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

  • Бишкек — Ош автожолун тосууга аракет кылган Акман айылынын 5 тургунуна 3 миң сомдон айып салынды
    Бишкек — Ош автожолун тосууга аракет кылган Акман айылынын 5 тургунуна 3 миң сомдон айып салынды
    © Sputnik / Талгат Бакиев
  • Беш жаран Базар-Коргон РИИБине алып келинип, административдик протоколдор түзүлүп, чечим кабыл алуу үчүн Базар-Коргон райондук сотуна жөнөтүлгөн.
    Беш жаран Базар-Коргон РИИБине алып келинип, административдик протоколдор түзүлүп, чечим кабыл алуу үчүн Базар-Коргон райондук сотуна жөнөтүлгөн.
    © Sputnik / Талгат Бакиев
1 / 2
© Sputnik / Талгат Бакиев
Бишкек — Ош автожолун тосууга аракет кылган Акман айылынын 5 тургунуна 3 миң сомдон айып салынды

Маалыматка ылайык, митингге 25ке жакын жаран чыккан. Бул кабарды Жалал-Абад облустук ИИБнун маалымат кызматы билдирди.

Беш жаран Базар-Коргон РИИБине алып келинип, административдик протоколдор түзүлүп, чечим кабыл алуу үчүн Базар-Коргон райондук сотуна жөнөтүлгөн.

"Базар-Коргон райондук соту тарабынан аталган беш жарандын ар бирине КР Административдик кодексине ылайык 3000 сомдон айып салынды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Базар-Коргон районунун аймагында коомдук саясий абал туруктуу экенин милициядан тастыкташты.

Тема:
Өмүрбек Текебаев камакка алынды (88)

Тема боюнча

Текебаевдин тарапташтары Ош — Бишкек жолуна тигилген боз үйлөрүн жыйнашты
Текебаев шайлоого катышып калса БШК кандай нукта иш алып барарын билбейт
Белгилер:
жол тосуу, милиция, Жалал-Абад
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ