Жол кире: чекисттерге бекер, ал эми СССР депутаттары акы төлөп жүрмөкчү. Жаңы токтом

© Sputnik / Табылды КадырбековОбщественный транспорт в Бишкеке
Общественный транспорт в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колдонулуп жаткан токтом эскирип калгандыктан, жаңысын жазууга муктаждык келип чыкты дешти авторлор.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коомдук транспортто бекер жүрүү боюнча жаңы токтом чыгаруу сунушталууда.

Жогорку соттун Соттор департаменти даярдаган токтом долбоору өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Аялдамадагы маршурттук унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коомдук транспорттун акысы көтөрүлүшү мүмкүн
Департаменттен мыйзам боюнча улуттук коопсуздук кызматынын, сот аткаруучулар, сот приставдары жана Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү коомдук транспортто бекер жүрө алышарын айтышты. Буга таксилер жана маршруттук таксилер кирбейт. Анда жогоруда тизмектелгендерге жеңилдик берүү маселеси белгиленген. Муну менен кошо эле министрлер кабинетинин 1992-жылы кабыл алынган азыр пайдаланылып жаткан токтомун жокко чыгаруу сунушталган.

Демилгечилер токтом өзүнүн күчүн жоготкондугун, анда СССРдин, Кыргызстан Республикасынын элдик депутаттарына жана эл депутаттарынын жергиликтүү Кеңешинин өкүлдөрүнө, кызмат учурунда каза болгон аскер адамдарынын туугандары үчүн жеңилдиктер каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0