Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВручение похвальных грамот лучшим выпускникам средних школ республики президентом КР Атамбаевым
Вручение похвальных грамот лучшим выпускникам средних школ республики президентом КР Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы республика боюнча 70 бүтүрүүчүгө алтын сертификат жана мактоо баракчалары берилет

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Президент жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Ашпозчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы кесиптик лицейлер 17 миң абитуриентти бюджеттик негизде кабыл алат
Билдирүүгө ылайык, 5-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин колунан тестирлөөдө жогорку балл алган 55 бүтүрүүчү алтын сертификат жана окууну мыкты аяктаган 15 окуучу мактоо баракчаларын алат.

Салтанаттуу иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында болот.

Эске сала кетсек, өткөн жылы 50 бүтүрүүчү президенттин колунан алтын сертификат алган.

Быйыл өлкө боюнча 62 миң окуучу 11-классты, 90 миң окуучу 9-классты аяктоодо.

Шаарга жаңы келген абитуриенттер үчүн 9 "болбойт" бул тууралуу Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0