БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Эртең, 29-июнда Бишкектин бир катар бөлүгүндө жарык өчүрүлөрүн “Түндүкэлектр” ААКсы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, эртең менен саат 9.00дөн кечки 18.00гө чейин “Туңгуч” жана 12-кичи райондорунда, Древесный, Жданов, Кирпичный, Правда, Шопоков, Үсөнбаев, Линейный, Шота Руставели, Рыскулов, Түлөбердиев жана Можайский көчөлөрүнө электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурайт.
Мындан сырткары, “Көк-Жар”, “Мурас-Ордо”, "Красный строитель" конуштары жана Молдокулов, Шоокум, Керемет, Шапак, Чар, Адыр көчөлөрү, Берлик менен Адырдын кесилиши светсиз калат.
Мындай үзгүлтүккө учуроолор электр куурларын оңдоо иштерине байланыштуу болууда.