17:38 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Уроженка Казахстана, мать десятерых детей Валентина Елисеева

Кыргызга келин болуп, 10 бала төрөгөн Елисеева: кайненемдин үнү кулагымда турат

© Sputnik / Бегимай Бакашова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
4822141

Валентина Елисеева 20 жашында Казакстандын Алматы шаарынан Фрунзеге окууга келип, ошол бойдон кыргыз жеринде калган. Болгондо да кыргызга келин болгон.

Валентина Анатольевна менен жолугушуу уюштуруп берүүсүн суранып небереси Аманатка телефон чалганымда, ал "таенемдин кимдин үйүндө экенин билип, анан кайра чалайын" деди. Анын мындай жообуна таң калган жокмун. Анткени каарманыбыздын учурда сегиз баласы, 30 небереси жана 28 чөбөрөсү бар экенин уккам.

Биз жолукчу күнү Валентина апа кызынын үйүндө экен. Барганыбызда эшикти өзү ачып, тосуп алды. Жашы 83кө келгенине карабай, күлүү-күчтүү, өз курагынан жаш көрүнөт. Маегибизге тоскоол болбосун деп сайып жаткан саймасын жыйнап да койду.

Анын жай отуруп, Ат-Башылык, орус тилин жөндөп билбеген жигитке кантип турмушка чыгып калгандыгы жөнүндө айтып берди.

Уроженка Казахстана, мать десятерых детей Валентина Елисеева
© Фото / из личного архива Валентины Елисеевой
Елисеева 20 жашында Казакстандын Алматы шаарынан Фрунзеге окууга келген

— Жолдошуңуз менен кантип тааныштыңыз эле?

— Студент кезде курбум экөөбүз "Ала-Тоо" аянтында көп сейилдечүбүз. Ал эл менен бат тил табышкан, шайыр кыз эле. Бир күнү кыргыз жигитти көрсөтүп "ушул бала сени жактырып калган окшойт, такыр көзүн албайт" деп калды. Мен аны "койчу айланайын, буларды кантип эстеп калып атасың? Мага кыргыздардын баары эле бир адамдай көрүнөт",  — деп көңүл бурбай койдум. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин киного бардык. Залдын ичинде жарык өчүп, тасма башталганда, арткы орундукта отурган жигит жаныма келди. Орус тилиндеги кинону жакшы түшүнбөй атканын араң түшүндүрүп, жаныма отуруп калды. Көрсө, ал курбум айткан баягы бала экен, ошентип таанышканбыз. Кийин бат-бат жолугуп жүрүп, жакындашып кеттик.

—Сиз кыргыз тилин, ал орус тилин билбесе, мамиле түзүү оор болгон жокпу?

— Сүйүп калсаң көп сөздүн кереги жок экен да (күлүп).

—Кыргызга келин болуудан чочулаган жок белеңиз? Кантсе дагы бөтөн эл, бөтөн каада-салт дегендей…

— Башында кыйынчылыкты ойлонгон жокмун. Эсимде, Ат-Башыга келин болуп барганда, март айы болчу. Күн суук, эркек кишилер ичик кийип алышкан. Үйгө киргенде бардыгы өтө жупуну көрүнгөн. Көрсө, жолдошумдун атасы мурунку жылы каза болуп, жаш балдары менен жалгыз калган кайненем кыйналып турган кези экен.

Мага баарынан да бурчтагы көшөгө киргизип коюшканы майдай жагып атты. Анткени тааныбаган кишилерге дароо аралаша албайт болчумун. Жаныма орусча билген жаш келинди отургузушуп, той башталды. Ал кирип-чыккандардын сөзүн мага которуп берип атты. Бир маалда боорсок менен бүкүлү бышып бирок кабыгы арчылган жумуртканы алып келип беришти. Карасам, графинде түбү каралжын тарткан суу турат. Көрсө, ал сууга эритилген кара туз экен. Жумуртканы бирөө арчып бергенине жийиркендимби же тузу жаккан жокпу, айтор, ал күнү ачка калгам. Эртеси күнү короого чыксам, киномеханик болуп иштеген кошунабыз келип калыптыр. Үй-бүлөбүз менен кыдырата тизилип, сүрөткө түштүк. Ошентип чыныгы турмуш башталды.

Уроженка Казахстана, мать десятерых детей Валентина Елисеева
© Sputnik / Бегимай Бакашова
Валентина Елисеева: Сайманы бала кезден өздөштүргөм. Азыр балдарымдын үйүндө менин эмгектерим илинип турат

—Алгач кандай сыноолорго кабылдыңыз?

—Тойдон 2-3 күн өткөндөн кийин самоор кой деп жиберишти. Самоорду, бир чака сууну сыртка алып чыктым. Бирок, сууну кайда куярымды түшүнбөй, көпкө турдум. Ачык турган жерин карасам, ичи капкара, асты тешик. Анан артымдан бирөө чыгып, кантип куюларын көрсөтүп берди.

Бир күнү кайын сиңдилерин келип кайненемдин атын билер-билбесимди сурашты.  Мен анын атын айтсам эле баарынын боору эзилип күлүп калышат. Көрсө, тергебегенимди шылдыңдап атышыптыр да. Ошентип кайни, кайын сиңдилерим менен аралашып жүрүп эле кыргыз тилин үйрөнүп алдым.

—Силердин үйлөнөбүз деген чечимиңерди ата-энелер кандай кабыл алды эле?

— Мен ата-энеме күйөөгө тиеримди айтпай эле кетип калгам. А кайненем кырс киши болчу. Жини келгенде мени "өлүгүңдү көрөйүн татар" деп урушчу. Ал кишинин кээ бир сөздөрү ушул убакка чейин кулагымда турат.

—Канча балалуу болдуңар?

— Жалпысынан төрт кыз, алты уулдуу болгонбуз, экөө кайтыш болуп кетти.

—Он баланы өз каалооңуз менен эле төрөдүңүзбү же жолдошуңуздун талабы мененби?

— Бизде эркек төрөбөгөн аял кандай "азап" тартаарын билесиңер да. Мен дагы ошентип башында удаасы менен төрт кыз төрөдүм. Улам бир кызым төрөлгөн сайын кайненем "кетиртем эле кетиртем" деп урушат. Ошентип,  ал төртүнчү кызыма Бурулбек деген ат коюп салды. Анан эркек бала төрөлдү, кийин ага жолдош болсун деп дагы бирөө, анан дагы бирөө деп отуруп алты эркек төрөптүрмүн.

Уроженка Казахстана, мать десятерых детей Валентина Елисеева
© Фото / из личного архива Валентины Елисеевой
Жолдошум түшүнкүтүү, жөнөкөй адам болчу, аны менен бактылуу жашадым

—Баса, менин туугандарым дагы Казакстандан келин алган. Ал жеңем төркүнүнө  биринчи жолу 10 жылдан кийин барганын айтып калчу эле. Сизде андай болгон жок беле?

— Мен деле дал ушундой болгом. Эстесем, төркүнгө алгач 7-8 жыл өтүп, кыздарым чоңоюп калганда барыптырмын.

—Балдарыңыздын арасында орусча ысым берилгендери барбы?

— Жок, баардыгынын аты кыргызча. Эмнегедир ал жөнүндө ойлонбоптурмун.

—Жогорку окуу жайын бүтсөңүз, иштегенге убакыт болдубу?

— Ооба, өмүр бою Ат-Башыда орус мектепте иштедим. Жогорку класстарга орус тил, абадият сабагын берчүмүн. Ал кезде билим берүү күчтүү окшойт, балдарды 3-4-класска чейин эле орусча үйрөтүп коюшчу. Мектепте иштөө тоскоолдук жараткан жок. Пенсияга 1985-жылы чыктым.

—Жаш кезиңизде жолук салынып жүрчү белеңиз?

— Ооба, башыман жолук түшкөн жок. Анда айылда келиндин жолуксуз жүргөнү акылга сыйбаган көрүнүш эле да.

—Кыргызга турмушка чыкканыңызга өкүнүп же баарын таштап басып кетүүнү каалаган учурлар болду беле?

—Жок, андай болгон жок. Үйүбүздө гармония бар болчу. Анан үстүнө балдарым артыман эле чоңоюп, баардык жагынан төлөк-таяк болуп атышты. Жолдошум дагы түшүнүктүү, жөнөкөй адам болчу, аны менен бактылуу жашадым. Көзү өтүп кеткенине 6-7 жыл болуп калды.

—Балдарыңыз эки тилде эркин сүйлөп чоңойсо керек?

— Ишенесиңерби, андай болгон жок. Балдарым баары кичине кезинде кыргыз тилин гана билишчү. Кийин чоңоюп, шаарга окуп, анан сүйлөй башташты. Азыр мени менен кыргызча, орусча аралаштырып сүйлөшүшөт.

—Биз келгенде сайма сайып жаткан экенсиз. Кыргызстанга келгенде үйрөндүңүз беле?

— Жок, сайманы кичинемде эле өздөштүрүп алгам. Биз жаш кезде үйдөгү кийим, жүк жапкычка сайма саюу мода болчу. Азыр чакан-чакан кылып саям, балдарым рамкага сүрөт сыяктуу кылып салып коюшат. Уулдарымдын бири былтыр менин саймаларымдын көргөзмөсүн өткөргөн. Азыр ар бир баламдын үйүндө менин эмгектерим илинип турат.

Тема боюнча

Еврей жигит Алекс: кыргыз айылдарын аралагандан кийин өлкөгө байланып калдым
Белгилер:
салт, үй-бүлө, улут, Казакстан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ