18:12 25 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759
Коом
Кыскача шилтеме алуу
487440

Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала. Бойдон алдыруу, тукумсуздук — мунун баары үй-бүлө пландоодогу көйгөйлүү маселелеринин бири.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей өлкө боюнча бир жыл ичинде болжол менен 22 миң аял бойдон алдырса, анын 200гө чукулу 17 жашка чейинки кыздар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аялдардын бойдон алдыруу себептери, аборттун түрлөрү, анын организмге болгон терс таасири тууралуу гинекологдордун пикирин укту.

"Жасаган катам үчүн өкүнүп отурам"

Майрам (аты өзгөртүлдү) учурунда жаза баскан кадамы үчүн азыр бармагын тиштеп отурган кези. Анткени биринчи баласына алты ай болгондо эле Майрамдын кайрадан боюна бүтүп калып аны алдырып салган.

"Кызмат, жумуш деп жүрүп турмушка кеч чыктым. Бир балалуу болгондон кийин аны эрте эле эмчектен чыгарып жумушка чыккам. Баланы эмчектен чыгараарым менен кайрадан боюма бүтүп калыптыр. Жумушумдан эки жакка көп чыккандыктан ал баланы каалаган жокмун. Эч кимге айтпай барып дарыгер менен кеңешип "кийин өкүнөсүң" дегенине болбой "шашпай төрөп алам да" деп дары ичтим. Анткени түйүлдүккө аз эле убакыт болуптур. Бирок мен дарыны туура эмес колдонуп алганмынбы, айтор, түйүлдүк түшпөй калып, баары бир бала болбойт дегенинен операция жолу менен тазалаттым", — деди Майрам.

Андан бери үч-төрт жыл өтүп Майрам азыр балалуу боло албай жүрөт. "Ошондо эле балама теңтуш кылып бирөөнү төрөп алсам болмок" деп өкүнгөн келин өзүн өзү кечирбей келет.

"Бир жылдан бери көрүнбөгөн доктурум калбады, табыптарга барып жатам. Күйөөмдүн, баламдын алдында өзүмдү абдан күнөөлүү сезем. Айымдарга айтаарым ар бир баланын өз ырыскысы болот экен. Баарын ойлонуп иш кылгыла", — деп кейиди Майрам.

Аборттун кесепеттери

Майрамдыкындай тагдыр Кыргызстанда миңдеп, дүйнөдө миллиондоп саналат. Убагында билинбегени менен аборт кийин тукумсуздук, сезгенүү оорулары, ал тургай рак оорусуна алып келет дейт Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу Жанара Сыдыкова.

Акушер гинеколог центра охраны материнства и детей Жанара Сыдыкова в рабочем кабинете
© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева
Акушер-гинеколог Жанара Сыдыкова: көп жолу аборт жасаткан аялдын менструалдык цикли бузулат, жатындын көңдөйүнүн ичи жабыркайт, кийин төрөбөй калышы толук мүмкүн. Жатын түтүкчөлөрү жабышып, жугуштуу ооруларга туруштук бере албай калышат. Гормоналдык бузулуу, жатындын миомасы, мастопатия дегендердин көбү аборттон чыгат

— Аборт аялдардын ден-соолугу үчүн бычак десек болот. Бирок ал жумушту айрым учурда айла жок жасоого туура келет. Эң оболу, аборт кылдырган аялдын кийин боюна бүтпөй калуу коркунучу күч болсо, экинчиси организмдеги гормоналдык тең салмактуулук бузулат. Мындан сырткары, ар түрдүү инфекция кирип, эгер түйүлдүк жакшы тазаланбай калса жатындын рак оорусуна алып келиши ыктымал. Ошондой эле аз кандуулукту пайда кылып, кийин улам-улам бойдон түшө берүү кооптуулугу жаралат.

— Бойдон алдырам деп жылына силерге канча аял кайрылат?

— 2014-жылы аборт кылдырам деп келгендердин саны 172 болсо, 2015-жылы — 146, ал эми 2017-жылы алгачкы үч айында 33 аял бойдон алдырды. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу аборт жасаткандардын саны өлкө боюнча азайып келе жатат. Анткени азыр ар бир үй-бүлөлүк борборлордо дарыгерлер үй-бүлөнү пландоо боюнча консультацияларды өтүп, сактануу эрежелери тууралуу түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзө баштады.

— Аборт кайсы убактан тарта коркунучтуу болуп саналат? Үч айга чейин түйүлдүктү алып салууга уруксат берилген деп айтылат…

— Албетте, убактысы чоң болуп кеткен ымыркайлар алынбайт. Бирок эгер бала ичтен оорулуу, майып же жашоого болбойт деп УЗИден көргөзүлүп, ата-энеси андан баш тартса айрым учурда операция жолу менен алынат. Убактысы өтүп түйүлдүк чоңоюп кеткенде айрымдары жеке клиникаларга же башка жерлерден боюнан алдырышат. Бул криминалдык аборт болуп эсептелип калат. Мындай кадамга көбүнчө турмушка чыга элек жаш кыздар барат. Анткени эч кимге айтпай, билгизбей аборт жасатууга аракет кылышат.

— Криминалдык аборт коркунучтуубу?

— Албетте. Криминалдык аборт бул мыйзам жол бербеген ыкмалар, мисалы, убактысы үч айдан өтүп кетсе деле ага карабай аборт кылгандар болуп саналат. Мында элден жаап-жашырып, үй шартында же жеке клиникаларда эч кимдин медициналык уруксаты жок жасаткандар криминалдык абортко кирет. Ошондуктан биздин жаш кыздарга айтарыбыз — эгер кокустук менен ушундай учурга туш болуп калсаңар, тартынбай келип, сөзсүз дарыгердин кеңешин алгыла.

— Жаш кыздар көбүнчө түйүлдүк чоңоюп кеткенде келсе керек?

— Жаш кыздар келбейт деп айтпайм, бирок мамлекеттик ооруканаларга көп кайрылбай калышты. Анткени көпчүлүккө билгизбейли деп жеке клиникаларга барышат. Ата-энесинен жашырып жүрүп түйүлдүк чоңоюп кеткенде келгендер болот. Бирок бизге келген турмушка чыга элек кыздардын көбүнө "төрөп алгыла, кийин такыр балалуу боло албай каласыңар" деп айтабыз. Көпчүлүгү көнүп кетет. Жаштарга "уят" дебей баары бир интим темасы, туура сактануу тууралуу лекцияларды көбүрөөк өтүшүбүз керек.

— Азыр мурдагыдай операция жолу менен эмес, дары-дармек менен да бойдон түшүрүп калышыптыр. Мунун канчалык зыяны бар?

— Медициналык бойдон алдыруунун азыркы тапта Кыргызстанда эки түрү колдонулуп келет. Биринчиси, классикалык бойдон алдыруу же жатындагы түйүлдүктү темир аспаптар жана шприцтин жардамы менен кырып алып чыгуу болсо, экинчиси дары менен бойдон түшүрүү. Бул экөөнүн тең адамдын ден-соолугуна зыянынан башка пайдасы жок. Негизи түйүлдүккө аз убакыт, башкача айтканда 2-5 жумага чейин болсо, көбүнчө дары менен түшүрүшөт. Ал эми эки айга чейин операция жолу менен алабыз.

Биз хирургиялык жол менен гана аборт кылабыз. Дары менен атайын окуудан өткөн гана гинекологдор түшүрөт. Дары менен аборт кылганда түйүлдүк түшөрүнө кепилдик жок. Андай учурда баланы айла жок хирургиялык жол менен алууга туура келет. Бул учурда аборт кылдырган аял эки эсе жапа чегип калат.

— Аборт көп болбош үчүн үй-бүлөнү пландаштыруу ыкмалары боюнча кеңештериңизди берсеңиз?

— Азыр бойго бүтүрбөөчү көп ыкмалар, каражаттар чыккан. Мисалы, жатындын ичине коюлуучу спиралдар, свечалар, крем, таблеткалар, ийнелер, презервативдер бар. Булардын баары дарыканаларда сатылат. Ал тургай кокустан же убагында сактанбаган жыныстык катнаштан кийин үч күндүн ичинде колдонулуучу таблеткалар бар. Кош бойлуулуктан жана төрөттөн кийин эненин организми калыбына келиши жана төрөлгөн баланын толук кандуу багылып, тарбияланышы үчүн төрөттөрдүн ортосунда эки жыл же андан да көп эс алуу талап кылынат. Төрөт аралыгын сактабаса баланын жана эненин ден-соолугуна көп коркунуч туулат, аз кандуулук, арыктоо, итий жана башка оорулар чыгат.

— Өтө көп бойдон алдырган аялдар да бар эмеспи. Кийин кедергиси тийбейби?

— Көп жолу аборт жасаткан аялдын менструалдык цикли бузулат, жатындын көңдөйүнүн ичи жабыркайт, кийин төрөбөй калышы толук мүмкүн. Жатын түтүкчөлөрү жабышып, жугуштуу ооруларга туруштук бере албай калышат. Гормоналдык бузулуу, жатындын миомасы, мастопатия дегендердин көбү аборттон чыгат. Бойдон алдыргандан кийин да организмди кайра мурдагыдай калыбына келтирүү үчүн жакшылап дарылануу керек.

Статистика

Саламаттык сактоо министрлигин маалыматына ылайык, 2013-жылы республика боюнча 22 092 аял аборт кылса, анын ичинде 223 учур 17 жашка чейинкилердин арасында болгон. 2014-жылы 24 456 аборт болуп, 180ни он жетиге чыга электер. Ал эми соңку 2015-жылкы иликтөөдө 22 513 аял бойдон алдырганы катталып, 177си жашы жете элек курактагылар экени аныкталган.

Тема боюнча

Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
Кыргызстанда үч эмдердин саны көбөйдү
Белгилер:
аборт, ымыркай, бала, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ