Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКол чатырчан адамдар. Архив
Кол чатырчан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Шейшемби күнү тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас өрөөнүндө 24…29 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 30…35 градус, Ысык-Көл менен Нарында болсо 25…26 градус жылуу болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан жаап, күн 33 градуска чейин ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0