БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. "Зеленстрой" муниципалдык ишканасы муктаж болгон шаар тургундарына акысыз отун тарата баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Малыматка ылайык, муниципалдык ишкана пенсионер, мүмкүнчүлүгү чектелген тургундар менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1050 куб көлөмүндө отун берет. Жардам ала тургандардын тизмесин шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы түзгөн.
Учурда Ленин районунун жашоочуларына бериле баштады. Калган райондордун аялуу катмарына кышка чейин таратылып бүтөт.