Ооз ачырган окуя. Аскадан кулаган илбирсти турист видеого тартып калды

© AFP / DON EMMERTАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гималайда тоо боорунан кетип бараткан илбирс капысынан кулап, ылдыйды көздөй түштү.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Гималайда асканын бетинде кетип бараткан илбирстин кулап түшкөнүн туристтер видеого тартып калган. Тасманы экспедициянын катышуучусу Майкл Биркхид жарыялаган.

Видеодон жол тандап кетип бараткан илбирстин капысынан кулап кеткенин көрүүгө болот. Бийиктиктен катуу түшкөнүнө карабай ал ордунан туруп, жолун улаган.

"Биз Гималайда тоодон кулаган илбирске күбө болдук. Мындайды эч ким көрбөсө керек. Аны биз 20 мүнөттөй акмалап карап отурдук, акыры үңкүргө кирип кетти", — деп Биркхид жазды.

5-июнда Facebook баракчасына жарыяланган бир мүнөттүк видеону 90 миңге жакын киши көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0