Ар бир жердин ээси болот, абайлап мамиле кылгыла! Кыргызчылыктын сырлары

© AP Photo / Vladimir VoroninЭлечек кийген апалар. Архив
Элечек кийген апалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келечекти көрө билген — олуя, кайып дүйнөдөгү сырдуу күчтөр менен сүйлөшкөн — бакшы, мазар, ыйык жер... Бул түшүнүктөр кыргыз элинде байыртан эле бар.

Ата-бабалар илим-техника өнүгө элек заманда эле жаратылышка аяр мамиле жасоону жакшы билип, кайып дүйнө күчтөрүн эске ала жүргөн. Ушул жана башка кыргызчылыктын сырлары тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына салттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова маек курду.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова
Интервью с экспертом традиционных знаний Чынарой Сейдахматовой - Sputnik Кыргызстан
Салттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова

— Кыргызчылык дегенди ар ким ар кандай айтып жүрөт. Салттуу илим изилдөөчү катары айтсаңыз кыргызчылык дегендин өзү эмне?

— Кыргыздын салттуу маданиятынын сырдуу катмарларын кыргызчылык деп эсептесе болот. Сырдуу катмар кайып дүйнө менен аралашкан түшүнүк. Кыргыз бир буту менен кайып дүйнөдө жашап, өзгөчө берилген табыпчылык, умайчылык, олуялык сыяктуу касиеттерге ээ болгон. Булардын баары атайын илимди изилдеп окуган эмес, аларда болгону Жараткандан берилген касиет болот.

— Мындай касиеттер бардык эле адамдарга бериле бербесе керек?

Куюн мамыт жомогунан сүрөттөлүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Албарсты, кара басты, колдоочу... Илимпоздор эмне дейт
— Ооба, андайлар чанда гана болот. Менде да ушундай өзгөчө касиет ачылса да көпкө аракет кылдым. Бирок Жараткан сага аны ыйгарбаса канча аракет кылсаң деле болбойт экен. Касиетүү адамдар өз ичинен бир топко бөлүнөт. Мисалы, умайчылык же "колу жеңил" адамдар. Мындай адамдар ооруган балдарды киренелеп же кош бойлуу келиндин ичин көтөрүп, айтор, дарыгердикиндей кызмат аткарат. Ушундай эле адамды ар түрдүү оорудан айыктырган касиетке табып, тамырчы, сөөкчү да ээ болгон.

Ал эми бакшылар адамдарга көрүнбөгөн, бирок аны колдогон кайып дүйнөнүн күчтөрү менен мамиле түзө алышат.

Жайчы дегени — табият менен "сүйлөшкөн" адам, кургакчылык болуп же күндүн көзү ачылбай жатканда жаратылыштын тилин таба алат.

Олуя мындай касиетке ээ адамдардын эң башында турат. Булардын келечекти алдын ала айтуу жөндөмдүүлүгү абдан күчтүү. Мисалга Калыгул олуяны айтсак болот.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова: менин таенем сууну көп агызып, шалкылдатып төксөң "убал болот, суу да жандуу, кор кылба, сууга жетпей каласың!" деп урушчу. Ошол сыяктуу чоң ата, чоң энелерибиз ысырапчылык, текеберлик деген нерселерден алыс болууга аракет кылчу. Мунун баары — кыргызчылык
Интервью с экспертом традиционных знаний Чынарой Сейдахматовой - Sputnik Кыргызстан
Салттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова: менин таенем сууну көп агызып, шалкылдатып төксөң "убал болот, суу да жандуу, кор кылба, сууга жетпей каласың!" деп урушчу. Ошол сыяктуу чоң ата, чоң энелерибиз ысырапчылык, текеберлик деген нерселерден алыс болууга аракет кылчу. Мунун баары — кыргызчылык

— Бакшы адамдардын колдоочулары менен сүйлөшө алат деп калдыңыз, ар бир адамдын колдоочусу болобу?

Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек
— Ооба, ар бир адамдын, ал тургай жан-жаныбарлардан тарта жер, суу, от — баарынын колдоочусу, пири, илээшкени болот. Илгертен эле ата-бабабыз Адамзаттын пири – Адам ата, наристенин пири – Умай эне, күүнүн пири – Камбаркан, суунун пири – Сулайман деген сыяктуу пирлерди атап келишкен. Элибиз айлана-чөйрөдөгүлөрдүн баарына "жандуу" деп өтө этият мамиле жасаган.

Менин таенем сууну көп агызып, шалкылдатып төксөң "убал болот, суу да жандуу, кор кылба, сууга жетпей каласың!" деп урушчу. Ошол сыяктуу чоң ата, чоң энелерибиз ысырапчылык, текеберлик деген нерселерден алыс болууга аракет кылчу. Мунун баары — кыргызчылык. Айрымдары кыргызчылык десе эле терс мааниде кабыл алат, бирок андай эмес, кыргызчылыкта чоң философия жатат.

— Бизде бүгүнкү күнгө чейин "аны кылба, муну кылба, болбойт, жаман болот" деген тыюу, ырым-жырымдар бар. Булар дагы элибиздин өзгөчөлүгү болсо керек?

— Кыргыздын ар бир тыюу, ырым-жырымынын артында чоң маани жатат. Алардын чындап болбой турганын илим эми гана изилдей баштады. Мисалы "караңгыда тырмак алба" деген сөз бар. Көрсө сөөк, чач маалымат алып жүрүүчү болуп саналат экен. Ал өзүнө адамдын маалыматын сактайт. Аны караңгыда ар кайсы жерге таштап койсо, көзгө көрүнбөгөн жаман нерселер менен илешип, жамандык алып келет.

© Sputnik / Табылды КадырбековСалттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова: адам күч-кубат алган жер ыйык деп саналат. Алардын катарында мазарлар дагы бар. Мазар — бул баатырлар, умай энелер, айтор, адамга жакшы иш жасаган адамдардын сөөгү көмүлгөн жер
Интервью с экспертом традиционных знаний Чынарой Сейдахматовой - Sputnik Кыргызстан
Салттуу илим изилдөөчү Чынара Сейдакматова: адам күч-кубат алган жер ыйык деп саналат. Алардын катарында мазарлар дагы бар. Мазар — бул баатырлар, умай энелер, айтор, адамга жакшы иш жасаган адамдардын сөөгү көмүлгөн жер

Жамандык болгон жерге аялдар сөзсүз жоолукчан, эркектер баш кийимчен барышы керек деген тыюу бар. Мунун себеби күйүткө батып турган үйгө барганда чач маалымат сактоочу катары дароо жамандыкты өзүнө тартып алат. Бул дагы жаман белги болгон. Ошондуктан "жоолук салынып баргыла" деп бекеринен айтылып калган эмес. Мындай тыюулардын баары адамды терс энергиядан сактайт.

— Илгеркилер бул нерселердин баарын кайдан, кантип билишкен?

— Бул мен үчүн дагы чоң сыр. Сабаты жоюла электе ата-бабалар билген нерсени азыр торсиондук физика илими иликтеп жатат. Мисалы, сууну илимпоздор маалымат сактаган зат экен деп эми айтып жатышат. Мындай карасак, кыргыздар сууну башынан эле ыйык көрүп, ырым-жырымдардын көбүндө суу колдонулуп келген. Мисалы, азыркы күндө эле апалар кокустан баласы же үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири ооруканага жатып чыгып келсе сөзсүз башынан суу айлантып, аны алыс төгүп, идишти ирегеге көмкөрүп коет. Себеби оору, жаман нерселерди суу алып кетет деп эсептелет да, жакындары үйгө таза кирген.

— Кайып дүйнө сырларына мазар сыяктуу ыйык жерлер да кошулабы?

Мейман тосууга даярданып жаткан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мейманчылыкка байланыштуу 7 "болбойт"
— Адам күч-кубат алган жер ыйык деп саналат. Алардын катарында мазарлар дагы бар. Мазар — бул баатырлар, умай энелер, айтор, адамга жакшы иш жасаган адамдардын сөөгү көмүлгөн жер. Мындай жайларга адамдар жолун ачуу максатында барат же төрөй албай жүргөн келиндер бата тилеп кетишет. Мындай мазарлар Жалал-Абад, Ош облустарында көп.

— Ыйык жерлердин да ээси болот деп айтып жүрөсүз. Ошолор тууралуу айтып берсеңиз.

— Ар бир нерсенин колдоочусу, пири болот дегендей эле ыйык жердин да ээси болот. Мындай жайларда адамдар туура эмес иш кылса, кайып дүйнөнүн көрүнбөгөн күчтөрү акыры жүрүп бир нерсеге кабылтат. Ал тургай үйдүн да ээси болот. Булар дагы үйдө жаман нерселер көп болсо белги берип турушат.

Биздин ата-бабалар ар дайым кайып дүйнө күчтөрү менен эсептешип, табиятка да таттуу мамиле жасай билген. Мындан улам кыргызчылыкты терс мааниде, башкача өңүттө түшүнүүгө болбойт. Кыргыз илгери эле билип койгон нерселер илимде эми изилдене баштады. Бирок бардык динде бул нерсеге тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0