Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн улам кош бойлуу үч келин ооруканага түшкөн

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаардык төрөтканадагы аял
Ош шаардык төрөтканадагы аял - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн айынан келиндер катуу чочуп, ооруп калышкан.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Чоң-Алайдагы жер титирөөнүн кесепетинен кош бойлуу үч келин төрөтканага келип түшкөн. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Маалыматка караганда, келиндер Ош шаарындагы менчик төрөт үйүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө турат.

Последствия землетрясения в Чон-Алайском районе - Sputnik Кыргызстан
Чатырда түнөгөн чоң-алайлыктар: түнкү сууктан кайыгып калып жатабыз
"Үч келиндин бирөөсү бүгүн эртең менен аман-эсен эркек бала төрөдү. Келин жер титирөөдөн чочуп, катуу ооруп калган болчу. Ал дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Учурда эне-баланын абалы жакшы", — деп төрөт үйүнүн гинекологу Венера Маманова билдирди.

Мындан тышкары, бойдон түшүү коркунучу менен 22 жана 31 жаштагы дагы эки келин түшкөн.

"Эки келинди боюнан түшүрбөй сакташ үчүн колдон келген медициналык жардам көрсөтүлүп жатат. Абалдары туруктуу", — деди Маманова.

Үч келин аларды дары-дармек менен камсыздоого колдоо көрсөткөн депутат Жыргалбек Калмаматовго ыраазычылык билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0