00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Экономикалык панорама
19:05
40 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
2030-жылга чейин кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү: негизги багыттар жана максаттар
11:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Натуральное отдельно: зачем предлагают разделить соки и напитки с добавками
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тамак-аш коопсуздугу камсыздалат — ЕАЭБдин техрегламенттери кандай иштеп жатат?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Финансовая безопасность со школы: в КР учат подростков распознавать мошенничество и защищать свои деньги
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От первых депутатов до восьмого созыва: как менялся парламент Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Вода, уголь или уран: на что делает ставку КР в борьбе за энергонезависимостью?
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда ара төрөлгөн балдардын санынын көбөйүшү: себептери жана медициналык каражаттар
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абайла, эвакуатор! Туура эмес жерге унаа токтоткондор айыпка жыгылат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЭвакуация неправильно припаркованных автомобилей
Эвакуация неправильно припаркованных автомобилей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унааларды эвакуациялоо боюнча мыйзамга былтыр апрель айында кол коюлган. Бир жылдан кийин өкмөт кабыл алды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Жакын арада туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуациялана баштайт. Тийиштүү токтомду өкмөт кабыл алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчиси Нур Сатыбалдиев билдирди.

Унааларды эвакуациялоо боюнча мыйзамга былтыр апрель айында кол коюлган. Ал эми өкмөт аны бир жылдан кийин мыйзам алдындагы актылар иштелип чыккан соң кабыл алган. Сатыбалдиевдин айтымында, эми техникалык иштер гана калды.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Бейтааныш үчүн айып төлөө. Сизге катталган унаанын азыркы ээсин кантип тапса болот
Эвакуацияны ишке ашырган компанияларга эреже бузган айдоочулар канча акча төлөй турганы азырынча белгисиз. Анткен менен алдын ала эсептөөлөр бар.

Эвакуацияланган жеңил унаа үчүн айдоочу компанияга 600-700 сом, жол тандабас — 2500 сом, жүк ташуучу унаага — 3,5 миңден 5 миң сомго чейин төлөнөт. Алдын ала эсептөөлөр айыл чарба техникалары үчүн дагы каралган — айып пул 10 миң сомго чейин чапчышы ыктымал. Мындан тышкары, эреже бузган айдоочу мамлекетке өзүнчө 1000 сом көлөмүндөгү айып пул төлөйт.

Жакынкы аралыкта негизги тарифтер иштелип чыгып, монополияга каршы органга жиберилет.

Кайсы жерде турган унаалар эвакуацияланат

Сатыбалдиевдин айтымында, унаалар "Эвакуатор" деген белги турган жерден гана эвакуацияланат. Мындай белгилер айрыкча соода борборлорунун алдыларына коюлат. Учурда белгилер коюла турган жерлерди аныктоо тапшырмасы берилди.

Унаа туруучу жай жана инструкция

Сатыбалдиевдин айтымында, эреже бузулганын аныктаган инспектордун аракетинин инструкциясы дагы иштелип жатат.

"Эвакуацияланган машина атайын унаа токтотуучу жайга алып барылат. Унаа ошол жерде тургандыгы үчүн дагы айдоочу ижара акысын төлөйт. Бирок алгачкы үч сааты бекер болот", — деди Сатыбалдиев.

Рулда баратып телефонун чукулаган айдоочулар видеокамерада - Sputnik Кыргызстан
Рулда баратып телефонун чукулаган айдоочулар видеокамерада
Анын айтымында, атайын унаа токтотуучу жайлардын даректери аныкталды. Алар Курманжан датка (Горький көчөсү менен кесилишкен жер), Щербаков (айланма жолдун аймагы), Тоголок Молдо жана Кайгуул милициясынын унаа токтотуучу жайы.

Ал эми жеке менчик унаа токтотуучу жайлардын ээлери тегерегин бир стандартка келтирип, жарыктандыруу системасын киргизүү менен видео көзөмөл орнотуулары зарыл. Андан кийин гана алар менен тиешелүү келишим түзүлөт.

Шаарга канча эвакуатор керек

Так сумма аныкталгандан кийин эвакуация менен алектенген компанияларга сынак жарыяланат. Кайгуул милициясынын бир катар талаптары дагы болот. Автопарк ар кандай типте болушу керек. Ошондой эле фирманын бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалышы шарт.

"Биз жарандын унаасын жабыркатпаш үчүн болгон күч аракетибизди жумшайбыз. Эвакуация учурунда унаа жабыркап калса, чыгымдарды фирма төлөп берет", — деди ал.

Атаандаштык жаратуу үчүн 3-4 компания менен келишим түзүү пландалып жатат. Алгач шаарда 16 эвакуатор пайда болот.

Маалыматтык кампания

Сатыбалдиевдин айтымында, унааларды эвакуациялоо май айынын акырында тесттик режимде башталат. Ага чейин жеке компаниялар менен тийиштүү келишимдерге кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0