Вагондо жашаган келин же Кыргызстанга, же Өзбекстанга чыга албай ара жолдо калды

Жазылуу
Мажидова жарандык жолдошу дайынын билдирбей кеткенден кийин жаңы төрөгөн ымыркайы менен Москва шаарында вагондо кыштаган. Баласынын документи жок Кыргызстанда жашаган ата-энесинин үйүнө кайтып келе алган эмес.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Москва шаарында ымыркайы менен вагондо кыштаган 22 жаштагы Гүлшода Мажидовага кыргыз жарандыгын берүү сунушун жактыруу тууралуу президенттин жарлыгы чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекекттик каттоо кызматынын маалымат качысы Мелис Эржигитов билдирди.

Бирок кыргыз паспортун алууга анын дагы деле өзбек жараны экендиги тоскоол болууда.

Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
11 жашар кызымды зордуктоого аракет кылды! Күйөөдөн айтпаган келиндердин тагдыры
Эске салсак, Мажидова жарандык жолдошу дайынын билдирбей кеткенден кийин жаңы төрөгөн ымыркайы менен Москва шаарында вагондо кыштаган. Баласынын документи жок Кыргызстанда жашаган ата-энесинин үйүнө кайтып келе алган эмес.

Келинди Кыргызстанга алып келүү максатында Россиядагы кыргыз элчилиги ишти колго алганда, Мажидова кыргыз жарандыгына арыз жазып, бирок аны ала албай жүргөн өзбек жараны болуп чыккан. 

Гүлшоданын өзүнүн айтымында, ошондон кийин Өзбекстандын Россиядагы элчилиги ага мекенине кайтуу үчүн уулуна убактылуу документтерди даярдап берген.

"Өзбек элчилиги балама убактылуу документ жасап беришти. Бул жактагы кыргыз диаспорасы каражат чогултуп, Кыргызстанга учуп кетүүгө аракет кылдым. Бирок аэропорттон баланын атасынын макулдугу жок экен деп учууга уруксат бербей коюшту. Мен балам менен Кыргызстанга баргым келет. Үй-бүлөм, туугандарымдын баары бир топ жыл мурун Кыргызстандын Баткен облусунда көчүп келишкен. Апам кыргыз кызы, бир туугандарым — Кыргызстандын жарандары. Өзбекстанда мурда жашаган үйүбүзгө каттоого тургам, бирок үй сатылып кеткен. Паспортумда каттоом турганы менен азыр Өзбекстанда барар жерим жок. Кыргызстандын жарандыгын сурап бир жыл мурда арыз жазгам", — деп айткан Мажидова.

Очереди мигрантов у отделения УФМС по Москве - Sputnik Кыргызстан
Быйыл Россиянын "кара тизмесинен" 43 миң кыргызстандыктын чыгары күтүлүүдө
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын айтымында, эми Гүлшода өзбек жарандыгынан арыз жазып баш тартышы зарыл.

Ал эми Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда Мажидованын пастортунда каттоосу болгондуктан, жарандыктан баш тартуу арызын ал Өзбекстанга барып жазышы керек.

Ошондон кийин гана Кыргызстанга келип, кыргыз жарандыгын кабыл алуу процедураларынан өтө алат.

Бул жерден экинчи маселе чечилбеген бойдон калууда. Кыргызстандын дипөкүлчүлүгүнөн айтышкандай, Гүлшода уулун Россиянын аймагынан жолдошунун макулдугусуз алып чыга албай жатат.

"Мыйзам боюнча баланы бир өлкөнүн аймагынан экинчи өлкөгө алып чыгуу үчүн ата-эненин макулдугу керек. Гүлшодага жарандык күйөөсүнүн нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн макулдугу зарыл. Тилекке каршы, учурда наристенин атасы байланышка чыкпай жатат. Аны табууга кыргыз диаспорасы менен элчилик болгон аракетин жасоодо", — деди Байымбетова.

Демек, Мажидова жарандык боюнча маселени чечип алуу үчүн Өзбекстанга жана Кыргызстанга баруусу зарыл. Ал эми келин учурда баласын Россиядан алып чыга албай жатат. Өзүнүн айтымында,Гүлшоданын наристени убактылуу ишенип таштай турган жакындары дагы жок. Андыктан, баланын атасын күтүүдөн башка айласы жок болуп турган чагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0