10:47 25 Теке 2017
Түз эфир
Салбуурун федерациясынын президенти, Эл агартуунун отличниги, грек-рим жана эркин күрөш боюнча спорттун чебери Алмаз Акунов

Алмаз Акунов: салбуурунчулар кадимки согуштун тактикасын колдонот

© Фото / Бактыбек Асанбаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
35311

"Салбуурун" федерациясы он жыл мурун ачылып, кыргыз элинин байыртан бери келе жаткан салттуу маданиятын өнүктүрүп келет.

Федерациянын президенти, Эл агартуунун отличниги, грек-рим жана эркин күрөш боюнча спорттун чебери Алмаз Акунов менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

Федерациянын жетекчиси салбуурундун чечмелениши, оюндун түрлөрү, шарттары, алдыдагы пландары жана эмне себептен улуттук оюн спорттун түрүнө айланганын кеп салып берди.

— Алмаз мырза, "салбуурун" деген сөздүн маани-маңызын, оюндун философиясын билгендер сейрек болсо керек. Бул тууралуу китеп да жазып жатат деп уктум эле. Алгач бул тууралуу түшүндүрмө бере кетсеңиз?

— "Салбуурун" кыргыз элинде Манас атабыздан бери келе жаткан улуу мурас болуп эсептелинет. Көчмөн кыргыз күз мезгили келип, аңчылык башталганда айылдан ат жалын тартып мингенге жараган эркектер чогулуп, колдоруна куш кондуруп, жандарына тайган ээрчитип, сандарына саадак байлап бир нече күнгө алыска аңчылыкка чыгышкан. Мындай ууга чыккан салт салбуурун деп аталган.

Президент федерации салбуруун Алмаз Акунов с беркутом
© Фото / Бактыбек Асанбаев
Алмаз Акунов: салбуурунда жоокерлерге абдан керектүү дене көнүгүүлөрү аткарылган. Мындайда күндүр-түндүр талаада ат үстүндө өйдө-ылдыйда жүрүп, жапайы жандыктарды буктурмага алып атып, кадимкидей согуштун тактикасын колдонушкан.

Күз мезгили келгенге чейин салбуурунга камынып атын семиртип, бүркүт-куштарды, тайгандарды түлөтүп, жаа жасап, ок жонуп катуу даярданышкан. Колунда кушу, ийининде жаасы, жанында тайганы болсо аны "салбуурунчу", ал эми айдакчы болуп жардам бергендери "карасанчы" аталган.

Салбуурун деген сөздүн этимолгиясын түшүндүрө кетейин. Байыркы көчмөн эл алгыр кушту "салбар" деп, ал эми аңчылыкты "уу" деп аташкан, ошондуктан салбар менен ууга чыгуу деген сөз жыйнагы "салбуурун" деп кыскарып аталып калган. "Салбуурун" кыргыз элинде "салбурун", "салбырын" деп дагы аталып келет. Бирок туура айтылышы "салбуурун".

Салбуурунда жоокерлерге абдан керектүү дене көнүгүүлөрү аткарылган. Мындайда күндүр-түндүр талаада ат үстүндө өйдө-ылдыйда жүрүп, жапайы жандыктарды буктурмага алып атып, кадимкидей согуштун тактикасын колдонушкан.

— Элибиздин улуттук өнөрүн жандандырууга кантип киришип калдыңыз эле?

— СССРдин тарашы менен кыргыз элинин салт-санаасынын, маданиятынын кайра жаралуусу болуп, улуттук баалуулуктардын көбү өз ордун таба баштады. Биринчи жолу 2006-жылы биздин демилге менен "Салбуурун" федерациясы түзүлүп, учурдун шартына ылайыкталып улуттук спорттун түрү катары калыптанды. Бүгүнкү күндө федерациясы алгыр куштар, тайгандар менен салттуу жаа атуу боюнча мелдештердин түрүн камтыган коомдук бирикме болуп эсептелинет.

Президент федерации салбуруун Алмаз Акун во время национальных игр салбуруун в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Алмаз Акунов: 2016-жылы федерация үчүн эң маанилүү жыл болду десек болот. Көчмөндөр оюнунда салбуурунга 17 мамлекеттен катышуучулар келип, эң кызыктуу мелдештердин бири болду

2012-жылы өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин алдында Улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү боюнча борбор түзүлүп, "Салбуурун" федерациясы расмий статуска ээ болду.

Бүгүнкү күнү улуттук оюндун ышкыбоздору күндөн күнгө көбөйүп, спортчулардын катарын толуктап жатат. Айрыкча федерация түзүлгөнү элибизде унутта калган куш, бүркүт таптоо өнөрү жанданып, жүз жылдап унутулуп калган кыргыз үлгүсүндөгү жаалар жасалып, ышкыбоздор ат үстүндө да, жөө туруп да жаа атуунун чеберлери болушту. Белгилеп кетүүчү нерсе, кыргыз элине тиешелүү "аңчы тайган" итинин тукуму жоголуп бараткандыктан, бул салбуурун оюну жанданганы ал тайгандардын тукуму элде бир кыйла көбөйүп, жоголуп кетүү коркунучу азайды.

Салбуурун федерациясы жеке эле Кыргызстанда эмес, АКШ, Франция, Англия, Голландия, Словакия, Түркия, Бутан, Монголия, Катар, Бириккен Араб эмирлигинде өткөн мелдештерге, фестивалдарга, конференцияларга катышып, өзүнүн ишмердүүлүгүн таанытып жатат.

2016-жылы федерация үчүн эң маанилүү жыл болду десек болот. Көчмөндөр оюнунда салбуурунга 17 мамлекеттен катышуучулар келип, эң кызыктуу мелдештердин бири болду. Натыйжада программадагы "Бүркүт салуу", "Тайган жарыш", "Жаа атуу" мелдешинде кыргызстандык салбуурунчулар эң жакшы ийгиликтерге жетишип, командалык эсепте алдыга чыгышты.

Президент федерации салбуруун Алмаз Акунов с беркутом
© Фото / Бактыбек Асанбаев
Алмаз Акунов: салбуурун федерациясы жеке эле Кыргызстанда эмес, АКШ, Франция, Англия, Голландия, Словакия, Түркия, Бутан, Монголия, Катар, Бириккен Араб эмирлигинде өткөн мелдештерге, фестивалдарга, конференцияларга катышып, өзүнүн ишмердүүлүгүн таанытып жатат

— Эми оюндун түрлөрү менен эрежелерине токтоло кетсеңиз?

— Бүркүт салуу. Мында бүркүттү чыргага учуруу жана үндөккө чакыруу кирет. Бул эки көнүгүүдө тең бүркүттүн учкан ылдамдыгы калыстар тарабынан бааланып турат.

Далба ойнотуу. Адатта ителги менен ылаачынга далба ойнотот. Мында салбуурунчу ортого чыгып кушту эркин учуруп, колундагы көгүчкөндөн жасалган кепти айлантып асмандагы кушту чакыра баштайт, ал куш талап боюнча асмандан шукшурулуп келип айланып жаткан далбаны тээп кетип туруш керек. Ар бир катышуучуга 3 мүнөттөн убакыт берилет, далбаны канча жолу тээп кеткендиги атайын калыстар тарабынан саналат.

Куш салуу. Мында карчыга куштарды үндөккө чакырып сынашат. Кимдин кушу алыстан келсе ошол салбуурунчу калыстар тарабынан жеңүүчү деп табылат.

Жөө жаа атуу. Эркектер 40 метр алыстыктан, кыз-келиндер 30 метрден "текебутаны" атышат. Текебутада 1.2.3 деген упайлар жазылган, жеңүүчүлөр топтогон упайларына жараша аныкталат.

Атчан жаа атуу. Салбуурунчулар аралыгы 120 метр аралыкка тизилген үч текебутаны атып, жеңүүчүлөр топтогон упайына жараша аныкталат.

Тайган жарыш. Салбуурунчулар таптаган тайгандарды 350 метр аралыктан ат менен чаап сүйрөтүлгөн чырганы куудуруп жарыштырышат. Бул көнүүгүдө тайгандардын жарышы алгачкы, жарым финалдык жана финалдык болуп бөлүнүп, күлүк тайгандар марага жүгүрүп келгенине жараша орундары аныкталат.

Президент федерации салбуруун Алмаз Акунов с беркутом
© Фото / Бактыбек Асанбаев
Алмаз Акунов: биздин спорттун талабына ылайык салбуурундун катышуучусу баштан-аяк улуттук үлгүдөгү кийимдерди кийиши керек. Учурда Кыргызстанда биздин эле федерация улуттук кийим киет. Келечекте салбуурун Кыргызстандын бренди болоруна ишенем

— Салбуурунда жалпысынан кандай эрежелер иштелип чыккан?

— Салбуурун оюнунун эрежеси 2006-жылы толук түрдө иштелип чыккан. Эреже иштелип жатканда эл аралык нормативдер, келишимдер, жаныбарларга гумандуу мамиле жана спорттук талаптар кылдат белгиленди. Биздин спорттун талабына ылайык салбуурундун катышуучусу баштан-аяк улуттук үлгүдөгү кийимдерди кийиши керек. Учурда Кыргызстанда биздин эле федерация улуттук кийим киет. Келечекте салбуурун Кыргызстандын бренди болоруна ишенем.

— Жаш муундарга салбуурунду спорттун түрү катары да өнүктүрүп, жайылтуу кажет деп айтып келесиздер. Салбуурун эмне себептен спорттун катарына кирди?

— Салбуурундун спорт катары өнүктүрүлүшүнүн себеби азыр эл оюн-зоок, шоуну массалык түрдө көргүсү келет. Мындан сырткары, салбуурун өзү абдан кыймылдуу. Учурда эл арасында жаш баладан тарта кары-картаңга чейин кызыккандар арбын. Биздин спортто адамдын салмактык категориясы, жаш курагы, жынысы чектелбейт. 7 жашар баладан 70 жашка чейинки Кыргызстандын ар бир атуулу катыша алат. Ошондуктан кыз-бала, эркек-аял дебей федерацияга мүчө болуп, арабыз жылдан жылга көбөйүп жатат.

Президент федерации салбуруун Алмаз Акунов с беркутом
© Фото / Бактыбек Асанбаев
Алмаз Акунов: салбуурундун спорт катары өнүктүрүлүшүнүн себеби азыр эл оюн-зоок, шоуну массалык түрдө көргүсү келет. Мындан сырткары, салбуурун өзү абдан кыймылдуу. Учурда эл арасында жаш баладан тарта кары-картаңга чейин кызыккандар арбын

— Алдыңкы күндөрү федерациянын кандай пландары бар?

— Салбуурун бүгүнкү күнү жеке эле улуттук спорт катары өнүкпөстөн, туризм жаатында дагы кызмат көрсөтүүсүнө жол ачылды. Себеби 22-апрелде салбуурундун мекени Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында өткөрүлчү "Тоң ааламы туристтик жарманкесинде" өзгөчө шоуларды жасоого даярдык көрүп, жергебизге туристтерди тартууга салым кошолу деп ниет кылып жатабыз. Жарманкенин максаты — Тоң аймагында эко-этно туристтик багытта туризмди өнүктүрүү жана аймактарды туризмди өнүктүрүүгө тартуу. Белгилүү болгондой, Тоң району манасчылардын, боз үйдүн, салбуурундун, жоргонун, кол өнөрчүлөрдүн борбору болуп эсептелинет, Мындан сырткары, райондун аймагынан бир эле мезгилде көлдү, чөлдү, сазды, тоону, токойду жана төрт мезгилди көрүүгө болот.

Тема боюнча

Кайыпов: айтыш жолго түштү, Манас ЮНЕСКОго кирди, дастанчылык четте ыйлап турат
Кичинекей манасчы Үмөт тууралуу кызыктуу сегиз факты
Белгилер:
салбуурун, федерация, Алмаз Акунов

ЭҢ МААНИЛҮҮ