БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. УКМК алдына чогулган эл тарай баштады. Бул тууралуу өздүк кабарчы жеринен билдирди.
Белгилей кетсек, "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.
"Чогулган эл акырындык менен тарай баштады. Учурда бир ууч эле эл калды. Калгандары эртең келмей болушту", — деди кабарчы.
Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгы митинг эртең Ак үйдүн алдында уланаарын билдирди.