Алдей, алдей... Баланы бешикке бөлөөнүн пайдасы менен зыяны

© Фото / Зульфия ТургуноваКыргыз бешиги. Архив
Кыргыз бешиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бешик – кыргыз элинин байыртан келе жаткан баалуу буюмдарынын бири. Бешикке бөлөө каадасы кыргызда илгертен орчундуу орунду ээлеп, ал өзүнчө салт болуп калыптанып калган.

Бирок учурдун талабына ылайык, медицина балдарды бешикке бөлөөгө болбой турганын, анын пайдасынан да зыяны көп экендигин айтып, баланы эркин, бош жаткырууну сунуштоодо.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан илгертен мурас катары муундан-муунга өтүп келе жаткан баалуу буюм, анын бала үчүн пайдасы жана зыяны тууралуу билип көрдү.

Бешиктин келип чыгуу тарыхы

Тарыхчы, этнограф Динара Молдокулова ата-бабалар көчмөн калк болгондуктан бешик биринчи ирет көчмөн турмуш үчүн шартталып жасалганын айтат.

"Мурда баары боз үйдө жашагандыктан кыштын күнү баланы жылуу кылып бешикке бөлөп коюу энелер үчүн абдан ыңгайлуу болгон. Ал кезде келиндер баласын караганга да көп убактысы болбогондуктан, аны бөлөп башкаларга терметтирип койгон. Ошондой эле көчүп-конууда алып жүрүүгө ыңгайлуу болгон", — деди тарыхчы.

Бешик карагай, жаңгак, арчадан жасалып, алардын эң баалуусу арча бешик болгон. Баланы бешикке жаткыраар алдында арчалоо аны ар түрдүү терс энергиядан жана микроб, бактериялардан коргоонун бир түрү болгонун тарыхчы кошумчалады.

Бешик медицинада сунушталбайт

Салт-санаа менен медицина дайыма эле айкалыша бербейт. Анын сыңары улуудан калган улуу мурасты бүгүнкү күндө медицина жаш энелерге сунуштабайт. Балдар дарыгерлери наристени бешикке бөлөп уктатуу эне үчүн гана ыңгайлуу болбосо, анын наристеге тийгизген пайдасы жок деп эсептешүүдө.

№ 14 үй-бүлөлүк медицина борборундагы балдар дарыгери Гүлнара Жумадылова баланы бешикке бөлөөгө таптакыр болбой тургандыгын айтты.

Бешиктеги ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз салттары: сүйүнчү-сүйүнчү, перзенттүү болдум!
"Азыр медицинада биз энелерге бешикке бөлөбөгүлө деп кеңеш беребиз. Ал тургай мурдагыдай жаңы төрөлгөн баланы катуу орогонго да болбойт. Бала төрөлөөр замат ага кийим-кече кийгизип, эненин жанына бош жаткырып калган. Бала колу-бутун чоюп кенен жатышы керек. Бул баланын тез өсүүсүнө жакшы жардам берет. Наристени бешикке бөлөөдө күлтүгү болот. Ошол жактан ымыркайдын жыныстык мүчөлөрүнө суук тийип, цистит болот же инфекция кирип калышы ыктымал. Мындан сырткары, баланы бош жаткырып коюу менен эне анын бардык кыймылын көзөмөлдөй алат. Ал эми бешиктен баланын бети жабык болуп аны тез-тезден карабайсың. Баланы бөлөп коюу эне үчүн эле ыңгайлуу болбосо, наристе үчүн эч кандай пайдасы деле жок", —деди балдар дарыгери.

Бешиктин баркы кете элек

Бишкек шаарынын тургуну Турганбүбү Океева учурдагы бала уктатуучу буюмдарга алым сынбайт. Беш баласын бешикке бөлөп чоңойткон эне келиндерине да бешикти сунуштап, неберелерин ага уктатып көндүрүүгө аракет кылат.

"Мен беш баламды тең бешикке багып чоңойттум. Азыр да ондон ашык неберем бар, менин кеңешим менен алардын баарын келиндерим бешикке бөлөп чоңойтушту. Бешикке көп бөлөсө баланын башы жалпайып калат деп жүрүшөт, мен буга кошулбайм, андай болсо кыргыздын баарынын башы жалпак болуп калмак да. Бешикке бөлөө баланы 7-8 саат бешикке таңып коюу эмес. Аны ар бир үч саат сайын чечип алып, денесине ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасап, эмизип, кайра жылуу бөлөп коюу. Муну менен бала тынч, таза, көп убакыт уктаганга үйрөнөт ", — деди Океева.

30 жаштагы жаш эне Гүлзат Өмүрзакова бешиксиз бала багууну элестете албайт.

"Мага үйдө жардамдаша турган эч ким жок болгондуктан, балдарымды бешикке бөлөп коюу абдан ыңгайлуу. Үчөө тең удаа болгондуктан бешиктин жардамы абдан эле тийди деп ойлойм. Мен чүрпөлөрүмдү түштө бир маалдан бөлөчүмүн, анан жуунтканда бешикке жылуу бөлөп койсоң жылуу жакшы жатышат. Уйкусун бузуп улам жалаягын алмаштырбай, бешикке жылуу бөлөп койсоң бала үчүн да жакшы да", — деди Гүлзат Өмүрзакова.

Бешиктин ордун баскан манеж, керебеттер

Кызын ойнотуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш балага карата 10 "болбойт"
Жаш эне Элиза Аскарова баланы  бешикке бөлөөнүн учурда зарылчылыгы деле жок деп эсептейт. Анткени баланы бош, эркин жаткырууну биринчиден медицина сунуштаса, экинчиден азыр заман талабына жараша түрдүү керебеттер, манеждер чыкканын айтат.

"Мен баламды бешикке салуудан өзүм эле баш тарттым. Анткени, биринчиден, баламды колу-бутун таңып уктатып койгум келген жок. Экинчиден, азыр түрдүү манеждер чыкты, кааласаң селкинчек манеждер бар. Ошол заманбап керебеттерде деле бала жылуу, тынч жатат", — деди ал.

Дагы бир жаш эне Накинай Исраилова эки баласын тең бешиксиз эле чоңойтуп, ага муктаж деле болбогонун айтты.

"Менин ата-энем атайын бешик деле алып берген эмес, дароо эле манеж алып келишкендиктен, эки баламды тең бешикке бөлөбөй эле чоңойттум. Мындан сырткары, бешикке көнгөн бала эки жакка чыгып калса бешиксиз уктабайт, анысына да карадым. Ошондой эле баланы бешикке колу-бутун таңып коюу мен үчүн өөн көрүнүш", — деди Исраилова.

Баланы бешикке бөлөөнүн оң жактары

  1. Бешик баланы ар түрдүү терс энергиядан коргойт.
  2. Ымыркайдын дене түзүлүшү, буту түз өсөт.
  3. Наристе көп убакытка чейин тынч уктайт. Жаңы төрөлгөн ымыркай бош жатса колу менен өзүн чочутуп бат ойгоно берет. Бешик баланы эки-үч саат уктаганганга көнүктүрөт.
  4. Бала жылуу жатат. Ымыркай эки жакка тоголонуп ачынып калышы ыктымал. Ал эми бешикте кыштын күнү же жуунткандан кийин бөлөп койсо жылуу жатат.
  5. Таза уктайт. Бала памперс кийип уктаса анын булганганын билүү үчүн уктап жаткан жеринен ойготуу керек.

Бешикке бөлөөнүн терс жактары

Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын музыкалык аспаптары. Кылымдарды карыткан кереметтүү добуштар инфографикада
Ымыркайдын эркин уктоосуна жолтоо болот. Балдар кененирээк кыймылдап, колу-буту бош укташы керек. Бала бир калыпта эмес, тоголонуп, колу-бутун чоюп укташы зарыл.
  • Кычкылтек жетпей калат. Бешикти колдонгон күндө да үстүн жеңил жабуу сунушталат. Болбосо балага кычкылтек жетпей калат да, ал узакка уктап жата берет.
  • Денеси талып, далысы жабышып калышы ыктымал. Бешикте денеси толук таңылып жаткан баланын денеси талып, кан айлануусу жайлап калат.
  • Тамак сиңирүүгө терс таасир этет. Энелер бешиктеги баланы жаткан калыбында эмизип коёт. Жыйынтыгында баланын тамак сиңирүүсү жай болуп, айрым учурда бала кусат.
  • Бешикте күлтүк койгон жери ачык болгондуктан ымыркайдын жыныстык органдарына суук тийип же инфекция кирип кетиши ыктымал.
  • Жаңылыктар түрмөгү
    0