Милициядан таяк жеген 21 жаштагы жигиттин ишин УКМК колго алды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун туугандарынын айтымында, жигитти мас абалдагы милиция кызматкерлери сабаган. Шектелүүчүлөр камакка алынганын Бишкек ШИИБден билдиришти.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда баланы белгисиз адамдар сабагандыгы тууралуу иш  Улуттук коопсуздук кызматына берилгенин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

29-январь күнү Бишкектин Токтогул көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде 21 жаштагы баланы эки адам сабаган. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. 

"Иликтөө иштери болуп жаткан учурда шектелүүөр тергөө абагында болот. Бул жерде ички иштер органдарынын кызматкерлери мыйзам бузгандыгы үчүн ишти УКМК карап жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мурдараак иштин бети ачылгандыгын билдиришкен.

Владивосток во время саммита АТЭС-2012 - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборунан милиционер аялды машина коюп кетти
Ошондой эле шектүү катары кармалган Свердлов РИИБдин 25 жаштагы кызматкери жана Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын 26 жаштагы кызматкери убактылуу кармоо жайына камалганы айтылган.

Окуя болгондон кийин экөө тең укук коргоо органдарынан четтетилген.

Мурда бул иш боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районунун милиция кызматкерлери кармалып, кайра бошотулган. Бишкек ШИИБинин маалымат кымчысы Олжобай Казабаев аларды жаңылышып кармап алышканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0