Окумуштуулар адам эмне үчүн чалпылдаган добуштан жини келерин аныкташты

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүНародные гуляния в Уссурийске
Народные гуляния в Уссурийске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым добуштарга адамдын кыжырын келтирген жагдай мисофония деп аталат.

БИШКЕК, 5-Фев. — Sputnik. Окумуштуулар адам эмне үчүн чалпылдаган добуштан жини кашаярын аныкташты. Бул тууралуу РИА Новости Current Biology журналына шилтеме кылуу менен билдирди.

Профессор Олана Тенсли-Хэнкок баштаган Улуу Британиялык окумуштуулар адам баласынын мээсин тереңирээк изилдеп көрүүнү чечкен.

"Адамдын айрым добуштарга кыжыры келиши мисофония деп аталат. Окумуштуулар 42 адамдын мээсин иликтеп, эксперимент жасап көргөн. Анда мисофониядан жабыркагандардын мээсиндеги эмоцияга жооп берген бөлүк активдешкени байкалган", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, мээдеги аталган бөлүк мисофониядан жабыркагандардыкы башкача экендиги аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0