Жибек Нукеева оор абалда Италияга дарыланууга жеткирилди

© Фото / предоставлено Мединой НукеевойОбладательница титула "Мисс Кыргызстана-2013" Жибек Нукеева
Обладательница титула Мисс Кыргызстана-2013 Жибек Нукеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рак илдетине кабылган "Кыргызстан сулуусу — 2013" наамынын ээси Жибек Нукеева өткөн жуманын аягында дарылануу үчүн Италияга кетти.

Эске сала кетсек, Жибек Нукееванын оорусуу тууралуу суук кабар өткөн жылдын аягында социалдык тармактарда тараган. Жибек өзү Facebook баракчасы аркылуу элге жардам сурап кайрылган. 

Курманжан датка тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда - Sputnik Кыргызстан
Актер Мурадиллаевдин абалы жакшыра баштагандыктан, операция жасалбай турган болду
Нукееванын эжеси Медина сиңдисине зарыл операция Чехиянын Прага шаарындагы Протондук терапия борборунда жасалып, анын баасы 80 миң евро турарын билдирген.

Бир айга чукул убакытта кайрымдуу адамдар тарабынан 90 миң доллар акча чогулуп, өткөн жуманын аягында Нукеева дарылануу максатында Италияга жеткирилди. 

Жибектин азыркы акыбалы жана эмне себептен Чехияга эмес, Италияга кеткени тууралуу эжеси Медина Нукеева Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. 

— Медина, Жибектин Прага шаарында дарылануусу пландалып жатпады беле. Эмнеге Италияга кетти? 

— Акыркы күндөрү шишиги чоңоюп, жаны катуу кыйнала баштады. Аны биз Прагадагы Протондук клиниканын дарыгерлерине айтканыбызда, чоңоюп кеткен шишикти протон терапиясы менен эле жок кылып салуу оор экенин, ага чейин химиялык терапия алып, шишикти бираз да болсо кичирейтүү зарыл экенин айтышты. Бизге Италиядан клиника табууга Улуттук онкология борборунун профессору, балдар онкологиясы боюнча иштеген Дамира Байзакова жардам берди. Эже жөн гана таап берип койбостон, бекер дарыланууга сүйлөшүп берди. Дамира айым өзү балдардын сөөк рагын дарылоодо италиялык кесиптештери менен көп жылдан бери иштешип жүрүптүр. 

— Италиялык дарыгерлер эмне дешти анан?

— Чынын айтсам, Жибектин акыбалы акыркы күндөрү абдан оорлоп кетти. Жаны кыйналып кетти. Муну көргөн дарыгерлер дагы таң калышыптыр. Жолдо дагы кыйналып барыптыр. Эки күндөн бери анализдерин алып жатышат. Эми алар кандай тыянак чыгарышат, андан ары дарылайбы, жокпу эртең белгилүү болот. 

— Жибектин уулу кимде калды?

— Жолдошу менен кайненесинде. Баласы чоңоюп келатат. Кудайга шүгүр, ден-соолугу жакшы. 

— Жибекти ким алып кетти? 

— Апабыз.

— "Жаша, Жибек" кайрымдуулук концертинде дагы дарыланууга муктаж балага жардам кылдыңар окшойт?

— Ооба, жети жаштагы Бегалы деген бала дагы ооруп атыптыр, Моксвага барып дарылатып келиши керек экен. Концерттен 123 миң сом түштү. 20 миң сомун ошол балага жардам иретинде бердик. 

— Чогулткан акчаңар Прагадагы дарыланууга жетчүдөйбү?

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандарга канча каражат чогулду
— Буюрса ага жетет. Элден айланып кетсе болот, чогултканын чогултуп беришти. Эми ошол эмгек текке кетпей, сиңдим жакшы болуп кетсе экен деп үй-бүлөбүз менен сарсанаа болуп турабыз. Баарыбызда үмүт бар, бирок оору деген жаман экен. Сиңдимдин жаны кыйналып жатканын көргөндө жүрөгүм сыгылып кетет. Анүстүнө ооруну басаңдатуучу дарылар дагы жакшы жардам бербей калды. Каражат жагынан жардам берген бардык мекендештерге ыраазычылык билдирем. Эми кыргыз элимден суранарым, кудайдан Жибектин аманчылыгын сурап тургулачы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0