00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Актер Мурадиллаевдин абалы жакшыра баштагандыктан, операция жасалбай турган болду

© Фото / предоставлено Азизом Мурадиллаевым"Курманжан датка" тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда
Курманжан датка тасмасынан кадр, актер Азиз Мурадиллаев Алымбек датканын ролунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актердун операциясына жумшала турган каражат дарыланууга муктаж кыргызстандыктарга берилет.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Белгилүү актер Азиз Мурадиллаев бооруна операция жасатпай турган болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине теле алып баруучу Ассоль Молдокматова билдирди. 

"Чындыгында керемет көрүнүш болду. Алты күн мурда түркиядагы клиникада Азиз Мурадиллаевге тамырын байлаган (лигирование — ред.) экинчи операция жасалгандан кийин анын боорунун иштеши жакшырып, калыбына келе баштады. Профессор-гепатолог Корай Ажарлы боор алмаштыруунун кажети жок экенин билдирди", — деди Молдокматова.

Алып баруучу белгилегендей, Мурадиллаевдин үй-бүлөсү дарыгердин жакшы кабарынан кийин буга чейин чогулган каражатты муктаж болгондорго берүүнү чечкен.

Гражданин Турции Фуркан Улусой - Sputnik Кыргызстан
Радио
Фуркан Улусой: жетекчибиз Азизди "Курманжан датка" тасмасынан тааныды
"Көпкө ойлонуп отуруп алты миң долларды белгилүү актер Мурат Мамбетовдун учурда ооруп жаткан уулу Нурданга берүүнү чечтик. Бала артрит жана артроз дартына кабылган. Төрт миң долларын залалдуу шишиктин түйшүгүн тарткан 34 жаштагы Урмат Бөлөкбаевге бөлүүнү туура көрдүк. Ал учурда реанимацияда жатат, каражатты эртең тапшырабыз. Ал эми Нурдан Үрүмчүдөгү клиникада дарыланмай болду", — деп кошумчалады Молдокматова.

Дарыгерлердин талабы боюнча, 100 күндөн соң актер текшерүүдөн өтүү үчүн Түркияга кайрадан учуп барат. Молдокматованын айтымында, эгер актердун абалы начарласа, эл аралык Бизнес жана илим университетинин камкордук боюнча кеңешинин төрагасы Нургалы Асаналиев 10 миң доллар бөлүп берүү убадасын берген. 

Эске салсак, былтыр Азиз Мурадиллаевге боордун 4-баскычтагы циррозу (кара сарык — ред.) диагнозу коюлган. Ага октябрь айында Москва шаарында алгачкы операция жасалган. 

Ал эми Стамбул шаарынын "Memorial" клиникасында боорун алмаштыруу боюнча жасалган операциянын баасын 95 миң доллардан 30 миң долларга арзандатып берүүгө аталган клиниканын Борбор Азия боюнча адиси Фуркан Улусой көмөк көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0