Кыргызстан сулуусу Жибектин өмүрүн сактап калууга бир ай гана убакыт калды

© Фото / предоставлено Мединой НукеевойОбладательница титула "Мисс Кыргызстана-2013" Жибек Нукеева
Обладательница титула Мисс Кыргызстана-2013 Жибек Нукеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан сулуусу — 2013" сынагынын жеңүүчүсү, ошол эле жылы Индонезиянын Бали аралында өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагында Кыргызстандын намысын коргогон Жибек Нукеева учурда оор абалда.

Бул суук кабар бүгүн социалдык тармактарда тарады. Жибек өзү Facebook тармагы аркылуу элге жардам сурап кайрылды. 

"Жаңы жылдын өзүнчө сыйкырдуу күчү бар дешет эмеспи. Балким ушул жаңы жыл менин тилегимди да ишке ашырар. Төрт ай мурда Иман аттуу уулдуу болгом. Тилекке каршы, кош бойлуу кезимде рак илдетине кабылганымды билдим. Ушул убакка чейинки дарылануулар жыйынтыгын берген жок. Азыр калайык-калктын жардамына муктаж болуп турган кезим. Менин бир гана тилегим бар — мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт уулумдун жанында болуу. Ушул максатым ишке ашат деп ишенем", — деп айтылат кайрылууда. 

Тилекке каршы, Жибектин өзү менен байлынышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Азыркы акыбалы тууралуу эжеси Медина Нукеева Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди. 

© Фото / Жибек Нукеева"Кыргызстан сулуусу — 2013" сынагынын жеңүүчүсү, ошол эле жылы Индонезиянын Бали аралында өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагында Кыргызстандын намысын коргогон Жибек Нукеева учурда оор абалда.
Кыргызстан сулуусу — 2013 сынагынын жеңүүчүсү, ошол эле жылы Индонезиянын Бали аралында өткөн Дүйнө сулуусу сынагында Кыргызстандын намысын коргогон Жибек Нукеева учурда оор абалда. - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Кыргызстан сулуусу — 2013" сынагынын жеңүүчүсү, ошол эле жылы Индонезиянын Бали аралында өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагында Кыргызстандын намысын коргогон Жибек Нукеева учурда оор абалда.
© Фото / Медина Нукеева Бул суук кабар бүгүн социалдык тармактарда тарады. Жибек өзү Facebook тармагы аркылуу элге жардам сурап кайрылды.
Бул суук кабар бүгүн социалдык тармактарда тарады. Жибек өзү Facebook тармагы аркылуу элге жардам сурап кайрылды. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул суук кабар бүгүн социалдык тармактарда тарады. Жибек өзү Facebook тармагы аркылуу элге жардам сурап кайрылды.
1/2
"Кыргызстан сулуусу — 2013" сынагынын жеңүүчүсү, ошол эле жылы Индонезиянын Бали аралында өткөн "Дүйнө сулуусу" сынагында Кыргызстандын намысын коргогон Жибек Нукеева учурда оор абалда.
2/2
Бул суук кабар бүгүн социалдык тармактарда тарады. Жибек өзү Facebook тармагы аркылуу элге жардам сурап кайрылды.

— Медина, Жибек азыр кайсыл жакта, акыбалы кандай? 

— Азыр Бишкекте эле, кайын-журтунда. Акыбалы орто.

— Ооруга чалдыкканын качан билдиңер?

— Ушул жылдын сентябрь айында, кош бойлуу кезинде. Курсактагы баласына жети ай болгон. Сиңдим сөөк рагына кабылганын билген дарыгерлер тез арада аны төрөтүүнү чечишти. Операция жолу менен уул төрөдү. Атын Иман коюшту. 

— Баласынын ден-соолугу жакшыбы? 

— Ооба, Кудайга шүгүр, азыр аны чоң апасы багып жатат. 

— Бишкектеги дарылануулар натыйжа берген жокпу? 

Девушка перед операцией на груди. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атанын жеген тамагы кыздардын эмчек рагын шартташы ыктымал
— Бишкектен эки ирет химиялык терапия алды. Тилекке каршы, экөө тең жыйынтык берген жок. Айлабыз кеткенде Түркиянын "Анадолу" клиникасына алып бардык. Чынын айтканда, балким ал жактан башкача диагноз коер деген үмүт менен барганбыз. Бирок андай болгон жок. Алар бишкектик дарыгерлер койгон диагнозду толугу менен тастыктап беришти. Мындан тышкары, рак өтө эле чоңоюп кеткенин айтышты. Сураштырып көрсөк, Чехиянын Прага шаарындагы Протондук терапия борборунда Жибектики сыяктуу күчөп кеткен рактан сакайып кеткендер бар экен. Бирок ал жакта дарылануу 80 миң евро турарын билдик. Туугандарыбыз чогулуп болгон аракетибизди кылсак дагы мындай чоң суммадагы акчаны чогулта албай койдук. Анын үстүнө убактыбыз абдан аз калды. Дарыгерлер бир айдын ичинде алып баргыла дешти. Айласыздан социалдык тармактар аркылуу калың элге кайрылууга туура келди.

— Каражат түшө баштадыбы?

— Ооба, кечээ билдирүүнү жарыяладык эле, акырындан түшүп жатат, элге рахмат. 

— Жибектин маанайы кандай, өзүн таштап койгон жокпу?

— Баласы төрөлгөндөн кийин кадимкидей өзгөрүп калды. Алгач оорусу тууралуу укканда өзүн таштап койгон. Эч нерсеге көңүлү чаппай, бир чекитти тиктеп жата берчү. Балалуу болгондон кийин энелик сезимдери ойгонуп, жашоого үмүтү пайда болду. Азыр өзү да колдон келген аракетин кылып атат. 

— Атайын бирөөлөргө жардам сурап кайрылып көргөн жоксуңарбы?

Ракты жеңген айымдар улуттук кийим-кече кийип, подиумдан басышты
— Буга чейин кайрылган эмеспиз. Бирок рак илдети менен күрөшкөн адамга убакыт эки эсе душман болуп калат экен. Убакыт аз калып бараткандыктан айрымдар өлкө президентине, премьер-министрге расмий кайрылгыла деп сунуштап жатышат. Чынында эле Жибек Кыргызстанга кичине болсо дагы салым кошту. 2013-жылы "Кыргызстан сулуусу" наамын жеңип алып, Кыргызстандын намысын Индонезияда коргоп келген. 130 мамлекеттин ичинен эң мыкты 20 сулуунун катарына кирген. Бул да болсо мекен үчүн кызмат деп эсептейм. Жибектин өмүрүн сактап калууга бир аз гана убактыбыз калды. Балким кызыбызга мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлүп калабы деп үмүт кылып атабыз. Бүгүн президентке кат жолдоюн деп турам. 

Жаңылыктар түрмөгү
0