Калк чөнтөгүн каккан "акысыз" электр эсептегичтер. Бекердин атасы өлгөнбү?

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлектрические счетчики в мастерской Калининградэнерго
Электрические счетчики в мастерской Калининградэнерго - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергетика жаатында коррупциялык схемалар бар экендигин буга чейин бир канча депутаттар айтып чыгып, аталган министрликте реформа жасалган жайы бар. Анткен менен айрым депутаттар министрликтин аты алмашканы менен заты ошол бойдон калды деп айыптап келет.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Аксы районуна караштуу Ак-Дөбө айылында карапайым калк электр эсептегичтерин өз чөнтөгүнөн төлөп койдуруп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айылдын башчысы Азамат Асанов билдирди. 

Белгилей кетсек, 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзамга ылайык, энерго компаниялар электр эсептегичтерди өз эсебинен коюп берүүгө милдеттүү. 

"Учурда Аксы райондук электр тармагы элдин электр эсептегичтерин акчага койдуруп жатат. Айылдын 70 пайызы электрондук эсептегичтерди орнотту. Алардын бири да бекер койдурган жок. Айрымдар 4000 сомго койдурса, калгандары 1500, 800 жана 1000 сомдон койдурушту. Эң кызыгы, бири да акча төлөгөндүгү боюнча квитанция алган эмес. Айылда квитанцияга деле көңүл бөлүшпөйт да", — деди Асанов. 

Электриктер ар бир үйдө жарык болуусу үчүн өз өмүрүн тобоколге салат - Sputnik Кыргызстан
Электриктер ар бир үйдө жарык болуусу үчүн өз өмүрүн тобоколге салды
Ушул эле айылдын тургуну Нурсултан Турдалиев электр зымдары үчүн 1800 сом төлөгөндүгүн айтты. 

"Электрондук эсептегич орнотолу деп райондук электр тармагына кайрылганбыз. Анан алар электр зымдарын, атайын кутуча сатып алуу керектигин айтышкан. Биз базардан жалпы суммасы 1800 сомго зым, атайын кутуча сатып алдык. Ошондон кийин электр эсептегичин акысыз коюп беришти", — деди Турдалиев.

"Аксы жаштар биримдиги" коомунун лидери Мирбек Мунарбек уулу маселе бир гана Аксыда эмес, башка райондордо да катталып жатканын айтты. 

"Бул маселе боюнча социалдык тармакка жазып чыктык эле республиканын башка райондорунун тургундары да электр эсептегичтерине акча алынып жатканын айтышты. Маселени териштирип, сотко кайрылуу жагын ойлонуп жатабыз",— деди Мунарбек уулу. 

Бул жаатта жогорудагы мыйзамдын авторлорунун бири, "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Максат Сабировго кайрылдык. Ал мыйзам боюнча эрежелерди төмөнкүчө түшүндүрүп берди.

"Электр энергиясы товар да. Товар саткандан кийин электр эсептегичтерди өзүңөр коюп бергиле дегенбиз. Мыйзам боюнча баары бекер болушу керек. Бюджетибиз аз деп зымдарды элдин эсебинен коюп жатышканы туура эмес. Көрсөткөн кызматы үчүн акча алып жатышканы да мыйзамсыз", — деди Сабиров. 

Депутат Рыспаев: эсептегичтерди эл эсебинен коюу мыйзамсыз

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев аталган маселе боюнча кайрылуулар көбөйүп жаткандыгын баса белгиледи. 

"Бул маселе боюнча мага да кайрылуу түштү. "Жалалабатэлектро" өзүңөр сатып алып койгула деп жатыптыр. Ушул маселе боюнча комитетте маселе көтөрүп, "Жалалабатэлектро" ишканасынын жетекчилигин, Улуттук энергохолдинг башчысы Айбек Калиевди чакырдык. Ошол жерде жооп берсин. Мисалы, Түндүк электро өзү коюп жатат. "Жалалабатэлектронун" бул кадамы мыйзамсыз", — деди Рыспаев. 

Энергетика тармагындагы эксперт Расул Умбеталиев электр эсептегичтерин койгон адистер элден кошумча акча алганга кызыкдар дейт. 

"Мыйзам боюнча эсептегичтер, кызматтары баары бекер болушу керек. Пломба үчүн же зым үчүн акча алуу туура эмес. Бул жерде контролерлор элден кошумча акча алгысы келет", — деди эксперт. 

"Жалалабатэлектро": бул иш мыйзамдуу 

"Жалалабатэлектро" ААКтын өлчөп-ченөө кызматынын башчысы Жайлообек Мамажанов менен байланышканыбызда кызматтар үчүн атайын баа коюлгандыгын жана мындай кадам мыйзамдуу деген пикирин билдирди. 

"Бизде элге электр эсептегичтер акысыз коюлат. Ал эми кызматтар үчүн атайын баа коюлган. Бул бааны Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги бекиткен. Ошонун негизинде акча алынат. Зымдар, электр эсептегичтер акысыз коюлушу керек", — деди Мамажанов. 

Ал эми Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин тариф коюу бөлүмүнүн башчысы Миргүл Айдарова аталган баалар жаңы кошулган кардарлар үчүн экендигин билдирди. 

Токтогул ГЭСи — асмандан жана ички көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСи — асмандан жана ички көрүнүшү
"Биздин агенттик тарабынан бекитилген баа бул жаңы кошулган кардарлар үчүн. Тагыраагы, өзүнчө үй салып, жаңы эсептегич койдурса кызмат үчүн акча төлөөсү керек. Бирок эсептегич бекер болот. Ал эми эсептегичин алмаштырам деген кардарга эсептегич, зым жана көрсөтүлгөн кызматтар бекер. Бирок электр эсептегичи менен үй 100 метрлик зонада болушу керек. Андан ашса кошумча зым үчүн акча төлөйт. "Жалалабатэлектро" менен байланышып, маселени тактайбыз", — деди Айдарова. 

Ал эми Аксы райондук электр тармагы ишканасынын жетекчиси Өмүрзак Байназаров маселени териштирүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

"Биз "Жалалабатэлектро" бекиткен прейскурант боюнча кызмат үчүн акча алабыз. Эгер эсептегичин алмаштырса 200 сом болот. Ал эми электр эсептегичтер, зымдар бекер. Ким ашыкча акча төлөсө журналисттерге кайрылуудан мурун мага келсин. Беттештирип, териштирели", — деди Байназаров.

Ал эми прейскурант экиге бөлүнөрүн, буга чейин кардар болгондор эсептегичин акысыз алмаштырышы керектигин айтсак, убактысы тар экендигин айтып, "эртең жооп берем" деген жооп кайтарды. 

Экскаватордун ковшун оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым кылымдык кептер: Кыргызстандагы кагаз бетинде калган ири долбоорлор
Ошентип Өмүрзак Байназаровдун сөзүнө таянсак, Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги бекиткен прейскуранттын "буга чейинки кардарларга акысыз кызмат көрсөтүү" деген жери иштебей, эсептегич алмаштырам дегендин барынан 200 сомдон алынып жатат. 

Аталган маселе эл өкүлү Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңеште каралаарын айткандыктан, анын жыйынтыгына байкоо салып турмакчыбыз. 

Эгерде сиздерде да ушундай көрүнүш кайталанса, Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери +996 706 566 544 аркылуу кабарлап коюшуңузду өтүнөбүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0