Ошто мушташтан өлгөн аскердин агасы: инимди мыкаачылык менен өлтүрүшүптүр

© Фото / Зульфия ТургуноваИнцидент со смертельным исходом между ефрейтором-контрактником в войсковой части в Ошской области
Инцидент со смертельным исходом между ефрейтором-контрактником в войсковой части в Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы № 01525 аскер бөлүгүндө 7-сентябрь күнү катардагы аскер менен контракттык кызматтын ефрейторунун ортосундагы чыр мушташка айланып, кесепетинен ефрейтор каза болгон.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон кызматкердин агасы Алмаз Абдакимов инисинин башы жанчылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтат.

"Башка тепкилеп, кекиртегин оюп салышыптыр. Ушунчалык мыкаачылык менен өлтүргөндөрүнө караганда бир-эки аскер эмес, беш-алтоосу сабаган окшойт", — деди ал. 

Эске сала кетсек, Ош шаарындагы № 01525 аскер бөлүгүндө 7-сентябрь күнү катардагы аскер менен контракттык кызматтын ефрейтору Ташбалта уулу Эламандын ортосундагы чыр мушташууга айланып, кесепетинен ефрейтор каза болгон. Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Ноокат районундагы Алашан айылында жерге берилди. 

© Фото / предоставлено Алмазом АбдакимовымОшто аскер бөлүгүндө каза болгон кызматкердин агасы Алмаз Абдакимов инисинин башы жанчылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтат.
Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон кызматкердин агасы Алмаз Абдакимов инисинин башы жанчылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтат. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон кызматкердин агасы Алмаз Абдакимов инисинин башы жанчылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтат.
© Фото / Зульфия ТургуноваЭске сала кетсек, Ош шаарындагы № 01525 аскер бөлүгүндө 7-сентябрь күнү катардагы аскер менен контракттык кызматтын ефрейтору Ташбалта уулу Эламандын ортосундагы чыр мушташууга айланып, кесепетинен ефрейтор каза болгон.
Эске сала кетсек, Ош шаарындагы № 01525 аскер бөлүгүндө 7-сентябрь күнү катардагы аскер менен контракттык кызматтын ефрейтору Ташбалта уулу Эламандын ортосундагы чыр мушташууга айланып, кесепетинен ефрейтор каза болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Эске сала кетсек, Ош шаарындагы № 01525 аскер бөлүгүндө 7-сентябрь күнү катардагы аскер менен контракттык кызматтын ефрейтору Ташбалта уулу Эламандын ортосундагы чыр мушташууга айланып, кесепетинен ефрейтор каза болгон.
© Фото / Зульфия ТургуноваАнын сөөгү өзү туулуп өскөн Ноокат районундагы Алашан айылында жерге берилди.
Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Ноокат районундагы Алашан айылында жерге берилди. - Sputnik Кыргызстан
3/4
Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Ноокат районундагы Алашан айылында жерге берилди.
© Фото / Зульфия ТургуноваАл эми каза болгон аскердин атасы Ташбалта Абдакимов окуя тууралуу угуп, Ош шаардык ооруканасына келгенде уулу эчак эле каза болуп, сөөгү өлүкканада экенин айтат.
Ал эми каза болгон аскердин атасы Ташбалта Абдакимов окуя тууралуу угуп, Ош шаардык ооруканасына келгенде уулу эчак эле каза болуп, сөөгү өлүкканада экенин айтат. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Ал эми каза болгон аскердин атасы Ташбалта Абдакимов окуя тууралуу угуп, Ош шаардык ооруканасына келгенде уулу эчак эле каза болуп, сөөгү өлүкканада экенин айтат.
1/4
Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон кызматкердин агасы Алмаз Абдакимов инисинин башы жанчылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн айтат.
2/4
Эске сала кетсек, Ош шаарындагы № 01525 аскер бөлүгүндө 7-сентябрь күнү катардагы аскер менен контракттык кызматтын ефрейтору Ташбалта уулу Эламандын ортосундагы чыр мушташууга айланып, кесепетинен ефрейтор каза болгон.
3/4
Анын сөөгү өзү туулуп өскөн Ноокат районундагы Алашан айылында жерге берилди.
4/4
Ал эми каза болгон аскердин атасы Ташбалта Абдакимов окуя тууралуу угуп, Ош шаардык ооруканасына келгенде уулу эчак эле каза болуп, сөөгү өлүкканада экенин айтат.

"Учурда командирлери окуяны жаап-жашырып биз менен байланышпай качып жатышат. Окуя болгон аскер бөлүгүнүн кызматкерлери, инимди ур-токмокко алган аскерлер же алардын ата-энесинин бири да келип көңүл айтып, кечирим сураган жок. Кечирим сурашса бир аз да болсо жүгүбүз жеңилдейт беле" — дейт маркумдун агасы. 

Ал эми каза болгон аскердин атасы Ташбалта Абдакимов окуя тууралуу угуп, Ош шаардык ооруканасына келгенде уулу эчак эле каза болуп, сөөгү өлүкканада экенин айтат.

Өткөн жылы жоголуп кеткен чек ара кызматкери Бексултан Бааридинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арачынын жоголгонуна бир жыл толду. Издөө иштеринин жыйынтыгы
"Эламан каза болгон күнү үйгө келип кеткен. Кечинде кайра келмек. Күттүк, келген жок. Суук кабар келип, сөөгүн карматып коюшту. Аны жерге берип отуруп калдым. Ал өз каалоосу менен аскерде милдетин өтөп, контракттык негизде кызматкер болуп 2016-жылдан баштап иштей баштаган. Ушундай окуядан кийин кайсы ата-эне уулун аскерге жиберип сөөгүн кучактап калгысы келет" — дейт улутунган ата. 

22 жаштагы Ташбалта уулу Эламан үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү болгон. 

"Сүйлөшкөн кызы бар эле. Ушул күздө үйлөнмөк. Туяк да калган жок", — дейт уулунан ажырап кайгыга муунуп турган апасы Гүлнара Абдакимова. 

Агасы Алмаз Абдакимов аскер бөлүктүн жетекчилиги иниси Эламандын өлүмү боюнча медициналык экспертизанын жыйынтыгын аларга билдирбей жаап-жашырганына нааразы экендигин айтат. 

Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук Гвардия: атылган аскерлер кароолдо турган жоокерге биринчи кол салышкан
"Эгерде укук коргоо органдары тарабынан бул иш адилеттүү иликтенбесе, инимдин мүрзөсүн каздырып кайрадан медициналык кароодон өткөрөбүз. Күнөөлүүлөр жазаланмайынча биз тынч отуруп калбайбыз" — деди ал. 

Ошто аскер бөлүгүндө каза болгон Ташбалта уулу Эламандын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош гарнизонунун аскер прокурору Осмон уулу Динмухаммед билдирди. 

Анын айтымында, каргашалуу окуяга шектелип учурда аскер бөлүктүн бир жоокери камакка алынды. Ага Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасынан тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери жүрүп, шектүүгө карата КР Кылмыш жаза кодексинин 104-беренеси боюнча денеге атайылап залал келтирген деген айып тагылууда. 

Азырынча камакка алынган аскердин жактоочусу менен  байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0