БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов кызматтан кеткенин Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Сулайманкулов өз ыктыяры менен арыз жазган.
"Сулайманкулов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын кечээ жазган. Бүгүн ага башкы прокурор кол койду", — деп маалымат кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын прокурорлугуна Кубанычбек Бейшекеевди дайындоо боюнча буйрук чыкканын маалымат кызматы кошумчалады. Бейшекеев буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокурору болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек Facebook социалдык тармагында колду аркага алган адамга кызматчысы кол чатыр тосуп турган сүрөт кызуу талкууга жем таштаган. Интернет колдонуучулары ал Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкулов болушу мүмкүндүгүн жазышкан.
© Фото / Ася ИбраимоваКол чатыр көтөргөндөр парады
Кол чатыр көтөргөндөр парады
© Фото / Ася Ибраимова