19:16 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Транспортное движение в Москве

ИИМ: "Коопсуз шаар" боюнча тендер жокко чыгарылышы мүмкүн

© Sputnik / Вадим Алексеев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
32 0 0

Ички иштер министри Мелис Турганбаев "Коопсуз шаар" долбоору боюнча күмөнсүй баштагандыгын, балким, аталган долбоорду жокко чыгарып, аны кайрадан өткөрүлүшү мүмкүндүгүн айтты.

БИШКЕК, 11-мар.— Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендердын жыйынтыгы балким, жокко чыгарылат деп билдирди Ички иштер министри Мелис Турганбаев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып. Анын айтымында, тендердик комиссия ал министр болуп келгенге чейин түзүлгөн. Тендер үчүнчү ирет өткөрүлүшү мүмкүн. 

"Мыйзам боюнча тендерди өткөрүүгө киришпешим керек. Анын жыйынтыгын карап чыгып, менде күмөн саноолор пайда болду. Бул тууралуу президент менен премьер-министрге маалымат бердим. Себеп дегенде иштин акырында макулдашууга кол коюлат, анын аягына чейин мен жооп беришим керек. Жети өлчөп, бир кескен оң", — деди министр. 

Тендер боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн баары анын өткөрүлгөн жыйынтыгына канааттанса да, анда азыр айта албай турган башка маалыматтар бар. 

Министр жакында өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүлүп, иштин туура эрежелер менен өткөндүгүн текшерет.

"Келишимдин акыркы делген вариантына кол койбом, себеби, ага ишенбейм. Мен аны жеңген фирмадан күмөн санап турам. Тендердин биринчи этабында "Стилсофт Бишкек" компаниясы өтпөй калган, ал эми эми экинчи этабында кандайдыр бир жолдор менен өтүп кетиптир. Шектенүүлөр абдан көп", — деп белгиледи Турганбаев.

"Коопсуз шаар" деп аталган мамлекеттик-жеке ишкердик өнөктөштүк долбоорунун жеңүүчүсү 2015-жыдын январында тендердик комиссиянын отурумунда аныкталган. ИИМ орун басары Курсан Асанов биринчи орунду "Стилсофт Бишкек", экинчи орунду Молдовалык Dessa International S.R.L., үчүнчү орунду —Швейцариялык Anteo worldwide компаниясы алганын маалымдаган. Кыргыз-орус "Стилсофт Бишкек" компаниясы "Стилсофт ГЧП" деген аталышта россиялык Жабык түрдөгү "Стилсофт" акционердик коому жана "Спецстройбезопасность" ишканасы менен өнөктөштүктө иш алып барат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Бишкек — Каракол жана Бишкек — аэропорт "Манас" жолдору жабдылат. Көзөмөл камералары көчөлөрдүн кесилишинде эле эмес, сейил бак жана эс алуу аймактарында дагы орнотулат.

Тема боюнча

Комиссиянын "Коопсуз шаар" боюнча чечимин коргойм — Абдирасулова
ИИМ "Коопсуз шаар" боюнча тендердин жыйынтыгын жараксыз деп табууну суранышы мүмкүн
"Коопсуз шаар" долбоору боюнча жарыяланган тендердин 1-турунан 5 компания өттү
Белгилер:
тендер, Коопсуз шаар, Курсан Асанов, Мелис Турганбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ