Комиссиянын "Коопсуз шаар" боюнча чечимин коргойм — Абдирасулова

Жазылуу
Тендердик комиссиянын мүчөлөрү төрт ай бою акысыз жана тиги же бул компаниянын жеңишине кызыгуусуз иштегендигин белгиледи укук коргоочу.

БИШКЕК, 10 мар — Sputnik. "Тендердик комиссиянын "Коопсуз шаар" долбоору боюнча чечимин мен аягына чейин коргойм", — деп билдирди Sputnik кабарчысына "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы, тендердик комиссиянын мүчөсү Азиза Абдирасулова.

Анын айтымында, "Коопсуз шаар" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору боюнча тендердик комиссияга 30 адам кирген. Ар бир комиссия мүчөсү ар бир компания боюнча өз баасын кагаз түрүндө жекече добуш берген. Тендердик комиссиянын ишин техникалык жумушчу тобу коштоп, ал тандоо критерийлерин жана аларга ылайык баалоо жолдорун иштеп чыккан.

ИИМ "Коопсуз шаар" боюнча тендердин жыйынтыгын жараксыз деп табууну суранышы мүмкүн
6-мартта Sputnik редакциясына ИИМдин, ошондой эле тендерге катышкан Dessa International жана Shehzhen Topform Computer Technology Co. Ltd компанияларынын административдик жана экономикалык иштер боюнча Бишкектин райондор аралык сотко жазган доо арыздарынын долбоору келип түшкөн. 7-мартта тендерди жеңип алган "Стилсофт Бишкек" кыргыз-россиялык компаниясынын өкүлү Иван Москаленко райондор аралык сотко арызды Шеньчжендин "Топформ" компьютердик технологиялар компаниясы бергендигин билдирди.

Бул маалыматка комментарий берип жатып, Абдирасулова ИИМ тендердик комиссияны түзбөй коюуга акысы бар болчу деп белгиледи.

"Тендерди утуп алууга ким татыктуу экендигин алар жакшыраак билет да. Анда тендердик комиссияны түзүүнүн эмне кереги бар эле? Биз ак ниет менен иштеп бердик, а көрсө Ички иштер минстрилигинин өкүлдөрү каалаган компания жеңбей калыптыр да. Андай болсо, мыйзам тендердик комиссия түзүүнү талап кылат, бирок биз тиги же бул компаниянын жеңишин каалайбыз деп ачык эле келип айтышпайбы", — дейт укук коргоочу.

Ал МЖӨнүн бул долбоору Кыргызстан үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, 2012-жылы "саясий талаш-тартыштын айынан "Коопсуз шаар" долбоору боюнча тендер өткөрүү ишке ашпай калгандыгын" эске салды.

"Азыр эми экинчи тендерди ишке ашырбай салыгылары келип жатат. Бул жумшагыраак айтканда, зыянкечтик. Эгер одоно айта турган болсок, чыккынчылык. Анык иш бузуучулук. Тендердик комиссиянын үстүнөн арыз бергилери келсе, кудай жалгасын. Бизде ар бир отурум видеокамерага тартылган. Техникалык жумушчу топ кандай иштегенин көрсөтүп беребиз. Мен тендердик комиссиянын чечимин аягына чейин коргойм", — деди Абдирасулова.

Ал тендердик комиссиянын мүчөлөрү төрт ай бою акысыз иштеп, абдан көп сандагы материалдарды, техникалык билдирүүлөрдү тиги же бул компаниянын жеңип чыгышына эч бир кызыкпастан калыс карап чыккандыгын билдирди. 

Видео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн КРде айып салынышы мүмкүн - Sputnik Кыргызстан
Видео каттагычтарды туура эмес орноткондук үчүн КРде айып салынышы мүмкүн
"Коопсуз шаар" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча тендердин жеңүүчүсү 2015-жылдын 27-январында тендердик комиссиянын отурумунда аныкталган. КРдин ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов биринчи орунду "Стилсофт Бишкек" компаниясы, экинчи орунду Молдоваданын Dessa International S.R.L. фирмасы, ал эми үчүнчүсүн Швейцариянын Anteo worldwide компаниясы жеңип алгандыгын кабарлаган.

"Стилсофт Бишкек" кыргыз-россиялык компаниясы консорциумда "Стилсофт ГЧП" деген аталышта россиялык өнөктөрштөрү "Стилсофт" ЖАК жана "Спецстройбезопасность" ЖЧК менен бирге чыгат.

"Коопсуз шаар" долбоорун үч жыл ичинде Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек — Каракол жана Бишкек — "Манас" аэропорту жолдорунда ишке ашыруу пландалган. Байкоо жүргүзүүчү видеокамералар жол кесилиштеринде гана эмес, унаа токтотуучу жайлар менен эс алуу аймактарында да орнотулушу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0