Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташовдун иш бөлмөсүндө "мас болуп уктап жатканы" тартылган видео тараган. Кызматтык териштирүүдөн кийин Ташов жумушунан алынды. Ал эми экс-жетекчи досу экөө ичкен шербетке уйкунун дарысы кошулганын, ошондон улам уктап калганын божомолдогон.