Кумашов Кубанычбек Арстанбекович — өмүр баяны

Жазылуу
Кубанычбек Кумашов 1976-жылдын 3-июлунда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Жалал-Абад коммерциялык институтун "бухгалтердик эсеп жана аудит" адистиги боюнча 1998-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

1997 – 2006 — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук салык инспекциясынын бөлүм башчысы, инспектор;

2006 – 2009 — Мамлекеттик салык кызматынын Ноокен району боюнча салык жана төлөм чогултуу бөлүмүнүн башчысы;

2009 – 2010 — Салык кызматынын ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы;

2010 – 2011 — Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2011 – 2013 — Салык кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2013-жылы Жогорку Кеңештин депутатынын консультанты болуп эмгектенген. Ошол эле жылы Салык кызматынын хронометраждык иликтөөлөр жана рейддер бөлүмүн жетектеген.

Андан соң Октябрь райондук салык бөлүмүн башкарып, декабрь айында Салык мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

2018-жылдын 3-апрелинде коррупцияга шектелип укук коргоо органдары тарабынан кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0