Султанов Калыкбек Иманалиевич. Өмүр баяны

© пресс-служба ЖК КРКалыкбек Султанов. Архив
Калыкбек Султанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калыкбек Султановдун өмүр баянын жана ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин таржымалынан окуңуз.

Султанов 1956-жылы 23-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1981-жылы Фрунзе политехникалык институтун "инженер-экономист" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 1981 – 1982 — Темир-бетон заводунда мастер;
  • 1982 – 1986 — 145-механизацияланган көчмө колонна (МКК), "Чүйпромстрой" трести, мастер, прораб, ага прораб;
  • 1987 – 1990 — 264-МКК, башкы инженер;
  • 1990 – 1995 — 69-МКК, "Чүйпромстрой" трести;
  • 1995 – 1997 — "Чүйпромстрой" трестинин башчысы;
  • 1998 – 2011 — "Авангард-Стиль" курулуш компаниясынын башкы директору;
  • 2011 – 2015 — Транспорт жана коммуникация министри.
  • 2016-жылдын май айынан 2017-жылдын августуна чейин КР президенти Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси;
  • 2018-жылдын 9-январынан тарта КР өкмөт башчысы Сапар Исаковдун кеңешчиси.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинге ээ.

Сыйлыктары: Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин грамотасы, "КРдин эмгек сиңирген курулушчусу", "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы" медалы, III даражадагы "Манас" ордени, "Алтын ягуар" эл аралык сыйлыгынын лауреаты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0