00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как джиу-джитсу стало популярным в Кыргызстане и чего ждать от турнира в Бишкеке
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Көчмөндөрдүн дүйнөсү: VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жаңы багыты, даярдыктар
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Зачем Кыргызстану кодекс о мореплавании, если у страны нет моря
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Илим жана инновация: Кыргызстанда ойлоп табуулардын саны өсүүдөбү?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Путеводитель соотечественника как навигатор по жизни в Кыргызстане
12:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге экспорт көбөйөт — онлайн соодагерлер үчүн эсеп-фактуранын жаңы формасы ишке кирди
13:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Талант Эралиев о планах центра кардиологии в 2026 году
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда балдардын 9 пайызга жакыны ашыкча салмактан жапа чегет. Балдардын ден соолугуна кантип кам көрсөк болот?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Столичные дороги: что будут ремонтировать и где ждать пробок
18:07
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Ажырашууга бир кадам калганда… «Берекем» тасмасы сүйүүнүн чыныгы баасын көрсөтөт
19:06
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Почему при росте экономики бизнес всё ещё чувствует риски - беседа с главой МДС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салттуу медицина кандайча жөнгө салынат: лицензиялоо маселелери кандай?
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутаттык комиссия Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макулдук берген жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
Комиссия УКМК депутатты парламенттин макулдугусуз кармап, кылмышка шектүү катары кабарлама берген.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров шектелген кылмыш ишин иликтеген депутаттык комиссия Башкы прокуратуранын сунушун четке какты.
Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Депутаттык комиссия Асылбек Жээнбековду абактан чыгаруу чечимин кабыл алды
Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.
Комиссиянын төрагасы Канат Исаев депутат мыйзамсыз негизде абакта отурганын белгиледи. Себеби УКМК аны көпчүлүк депутаттардын макулдугусуз кармап, кылмышка шектүү катары кабарлама берген.
"Депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура алты айдан кийин сунуштама берип жатат", — деди Исаев.
Иликтөөнүн натыйжасында депутаттык комиссия төмөнкүдөй тыянак чыгарды:
  • Төрөбай Зулпукаров көпчүлүк депутаттардын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган деп таанылсын;
  • Ал УКМКнын тергөө абагынан токтоосуз негизде бошотулууга тийиш;
  • Депутат эл өкүлү катары депутат кезинде айткан сөздөрү жана берген добуштары тууралуу куугунтукталууга жатпашы белгиленсин;
  • Башкы прокуратуранын Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун канааттандыруу үчүн жетиштүү негиздер жок деп таанылсын. Анткени Кумтөр алтын кенинин ишин текшерген депутаттык комиссиянын отчетун кароодо, токтом долбоорлорун талкуулоодо жана чечим кабыл алууда ЖК регламентин жана КР мыйзамдарын бекем сактоого аракеттенген;
  • Кол тийбестигинен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунуштамасынан баш тартылсын.
Буга чейин аталган комиссия Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун четке каккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0