https://sputnik.kg/20211112/kyrgyzstan-zhkkudagy-okulun-chakyrtty-1054572520.html
Дайындоодо ката кеткен. Кыргызстан ЖККУдагы өкүлүн чакыртып алды
Дайындоодо ката кеткен. Кыргызстан ЖККУдагы өкүлүн чакыртып алды
Sputnik Кыргызстан
Бердибек Асанов ЖККУ системасында беш айдай иштеди. Жакында эле аны чакыртып алган Коргоо министрлиги чечиминин себебин түшүндүрдү. 12.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-12T15:39+0600
2021-11-12T15:39+0600
2021-12-16T22:33+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
жкку
кызмат
бердибек асанов
россия
https://sputnik.kg/img/07e5/09/03/1053781045_0:0:3072:1739_1920x0_80_0_0_5a56b8db2807a521a904424e4e01b476.jpg
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы (ЖККУ) өкүл Бердибек Асановду чакыртып алды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда министр Бактыбек Бекболотов билдирди.Анын айтымында, Асанов ушул жылдын май айынан бери ЖККУнун бириккен штабынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан.Бекболотов анын ордуна Москвага Тукаев аттуу (ысымын атаган жок — ред.) полковник жөнөтүлөрүн билдирди.Коргоо министрлигинин Укук тартибин камсыздоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Молдобаевдин айтымында, Асанов 2009-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Бишкек гарнизондук сотунун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылган."Кийин Аскер сотунун чечими менен иш жоопкер катары Коргоо министрлигине өткөрүп берилген. Асанов ээлеген кызматта "офицер таза болушу керек" деген принцип катуу кармалышы керек. Аны жөнөтүп жатканда мындай учурлар эске алынбаптыр", — деди Молдобаев.Сөзүнүн аягында ал Асанов Коопсуздук кеңешинин катынан кийин чакыртылып алынганын кошумчалады.
https://sputnik.kg/20211028/zhk-spikeri-mamytov-kyzmattan-ketti-1054395957.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/09/03/1053781045_0:0:3072:1931_1920x0_80_0_0_ce8206afbc307b0498d0bca7a3d8bb9a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жкку, кызмат, бердибек асанов, россия
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, жкку, кызмат, бердибек асанов, россия
Дайындоодо ката кеткен. Кыргызстан ЖККУдагы өкүлүн чакыртып алды
15:39 12.11.2021 (Жаңыртылды: 22:33 16.12.2021) Бердибек Асанов ЖККУ системасында беш айдай иштеди. Жакында эле аны чакыртып алган Коргоо министрлиги чечиминин себебин түшүндүрдү.
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо министрлиги Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы (ЖККУ) өкүл Бердибек Асановду чакыртып алды. Бул тууралуу маалымат жыйын учурунда министр
Бактыбек Бекболотов билдирди.
Анын айтымында, Асанов ушул жылдын май айынан бери ЖККУнун бириккен штабынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп жаткан.
"Полковник Асанов кызматка дайындалып жатканда ката болуп, укук талаасынан чыгып кеткенбиз. Коопсуздук кеңеш анын талапкерлиги жактырылбаганын айткан. Буга карабай аталган кызматка дайындалган. Коопсуздук кеңеши өйдө турган орган, мындай учурларда бардыгы так болушу керек", — деди министр.
Бекболотов анын ордуна Москвага Тукаев аттуу (ысымын атаган жок — ред.) полковник жөнөтүлөрүн билдирди.
28 Тогуздун айы 2021, 21:03
Коргоо министрлигинин Укук тартибин камсыздоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Бактыбек Молдобаевдин айтымында, Асанов 2009-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, Бишкек гарнизондук сотунун чечими менен эки жылга эркинен ажыратылган.
"Кийин Аскер сотунун чечими менен иш жоопкер катары Коргоо министрлигине өткөрүп берилген. Асанов ээлеген кызматта "офицер таза болушу керек" деген принцип катуу кармалышы керек. Аны жөнөтүп жатканда мындай учурлар эске алынбаптыр", — деди Молдобаев.
Сөзүнүн аягында ал Асанов Коопсуздук кеңешинин катынан кийин чакыртылып алынганын кошумчалады.