14:39 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
499 0 0

Мамлекеттик бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашканы белгилүү болду. Мекеменин жаңы жетекчилерин министрлер кабинетинин төрагасы жамаатка тааныштырды.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Адилет Кубанычбеков дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

  • Председатель кабинета министров Акылбек Жапаров на представлении нового главы ведомства и его заместителей личному составу ГТС. 26 октября 2021 года
    Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Адилет Кубанычбеков дайындалды
    © Фото / пресс-служба ГТС КР
  • Назначенные заместители Председателя ГТС на представлении нового главы ведомства и его заместителей личному составу ГТС. 26 октября 2021 года
    Ошондой эле Бажы кызматынын төрагасынын эки орун басары дагы кызматтан алынып, Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков төраганын жаңы орун басары болуп дайындалды
    © Фото / пресс-служба ГТС КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Адилет Кубанычбеков дайындалды

Ошондой эле Бажы кызматынын төрагасынын эки орун басары дагы кызматтан алынып, Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков төраганын жаңы орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 26-октябрда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы кызматка дайындалган жетекчилерди жамаатка тааныштырганы айтылды.

Мамлекеттик бажы кызматын июнь айынан бери жетектеп келген Самат Исабеков жана анын орун басарлары Кубанычбек Шатемиров, Кыялбек Мукашев эмне себептен кызматтан алынганы айтылган жок.

Тема боюнча

Россия менен АКШда окуган. Экономика министринин жаңы орун басары дайындалды
Бажы кызматынын башчысы Исабеков отставкага кетти
Белгилер:
дайындоо, жетекчи, Мамлекеттик бажы кызматы, Адилет Кубанычбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ