00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:34
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Шайлдабекова: былтыр бийлик менен акчанын тиреши шайлоону талкалаган

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаПредседатель ЦИК по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова
Председатель ЦИК по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Жазылуу
Шайлдабекова бийлиги менен каржылык ресурсуна таянган эки партиянын тирешүүсү негизги фактор болду деп эсептейт. Ал мындан сабак алууга чакырды.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бүгүн ачык диалогдо сүйлөп жатып 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун талкаланышынын бир нече себебин атады.

БШК төрайымынын сөзүнүн урунттуу учурлары:

— Шайлоо процессинде эки партиянын ашынган атаандаштыгы күч алды. Бирөө админресурстук партия. Анын курамынын 70 пайызы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда маанилүү кызматтарды аркалагандар болгон. Экинчи партия каржылык ресурсун алардын потенциалына каршы колдонду. Натыйжада бийлик менен акчанын тирешүүсүн көрдүк. Эки партия эле шайлоочулардын 48 пайыз добушун алды. Мындай аракеттери бурмалоого алып келди, башка партиялардын өтүшүнө бут тосту. Кээ бир партияга 0,003 пайыз добуш жетпей калды;

Шайлоодо добуш берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты
— Президенттиктен да парламенттик шайлоо маанилүү экенин айтып келишкен. Андыктан негизги бир себеби өтө аз, төрт эле партия өтүп кеткенинде болду. Ал эми бизге кеңейтилген өкүлчүлүк керек болгон. Алардын жардамы менен кийинки өнүгүүнүн негизги маселелери чечилмек. Ошондуктан аз партиянын өткөнүн саясий күчтөр, коомчулук кабыл албай койду;

— Шайлоо босогосу жогору болгону да таасир этти. Болбосо 7-8 партия лидер боло алмак. Мурда 5-6 партия парламентке келип турган;

— Эң маанилүү фактор катары БШК, укук коргоо органдары, өкмөт жалпысынан мамлекет административдик ресурс, добуш сатып алуу боюнча мыйзам бузууларды ооздуктай алган жок. Менин көз карашымда, укук коргоо органдарынын жетекчилеринин саясий эрки жетпей койду. Анын кесепетин көрдүк.

— Мындан сабак алып, калпыстыктарды оңдош керек деп эсептейм;

— Укук коргоо органдарынын саясий эрки жетпегенин азыр эле айтып жаткан жокмун, ошол кезде да көтөргөм. Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдиргем. Анализдерди чыгарганбыз, мисалы, 2015-жылы шайлоодон бир ай мурун 25 миң адам №2 форма менен катталса, 2020-жылы 100 миңден ашып 4 эсеге көбөйгөн. Ал эми добуш берүү күнүнө чейин 500 миңге чукулдаган.

Шайлдабекова учурда укук коргоо органдары менен активдүү иштеше баштаганын белгиледи.

Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Ошто шайлоо округдарынын чек арасы өзгөртүлдү. Алмашкан айылдардын тизмеси
"Президенттик шайлоодо, референдумда укук коргоо органдарынын жетекчилеринде саясий эрк болду, ыкчам түрдө реакция кылып жатышты. Июлдагы шаардык кеңештердин депутаттарын кайра шайлоодо дагы өтө көп иштер өнөктүк маалында сотко жөнөтүлдү. Бул бизге добуш берүүгө бир күн калганда админресурс, добуш сатып алууга барган бир катар талапкерлерди, партияларды жарыштан четтетүүгө шарт түздү", — деди БШКнын төрайымы.

Белгилей кетсек, былтыр 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Мекенчил" партиялары алдыга чыккан. Эртеси шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий күчтөр, эл толкуп, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин кулаткан. Кийин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган. Жаңы чакырылыштын депутаттары быйыл, 28-ноябрда, шайланмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0