Облустарга бөлүнүп, 36 депутатты шайлоо округу бекитилдиби? БШКнын жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогундагы электрондук урна. Архив
Шайлоо участогундагы электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2021
Жазылуу
Президент сунуштаган шайлоо мыйзамы боюнча 36 депутат бир мандаттуу округдан, 54ү преференциалдык система менен шайланат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бир мандаттуу округдардын бөлүштүрүлүшү тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Белгилей кетсек, жаңы шайлоо мыйзамы Жогорку Кеңештен өтүп, учурда президенттин кароосунда. Ага ылайык, 36 депутат бир мандаттуу округдан, 54ү преференциалдык (партияга жана анын тизмесиндеги талапкерге добуш берүү) система менен шайланат.

Ал арада соцтармактарда Кыргызстанды 36 округга бөлүп, кайсы облустан канча депутат шайланарын карта менен белгилеп көрсөтүп жатышат.

Анда төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Ош облусу жана шаары — 9 мандат;
  • Жалал-Абад облусу — 7 мандат;
  • Чүй облусу — 6 мандат;
  • Бишкек шаары — 4 мандат;
  • Ысык-Көл облусу — 3 мандат;
  • Баткен облусу — 3 мандат;
  • Талас облусу — 2 мандат;
  • Нарын облусу — 2 мандат.

Бирок БШКнын маалымат кызматы округдар бөлүштүрүлүп бүтө электигин билдирди.

"Учурда бул боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Ар бир округдун чек аралары аныкталууда. Кийинки жумада даяр болуп калышы мүмкүн", — деди маалымат кызмат.

Сунушталган мыйзамда 100 миң шайлоочудан бир округ түзүлөрү жазылган. БШКнын сайтындагы шайлоочулардын тизмесин карап, жогорудагы мандаттардын бөлүштүрүлүшүн эсептегенде дал келүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0