Жапаровдон кагуу жеген министрлик эки күндө чакан ГЭС боюнча келишим түздү

© AFP / ROBERTO SCHMIDTВысоковольтные линии электропередач
Высоковольтные линии электропередач  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы бизнес-коомчулук менен жолукканда министрликтин жетекчилигине эки күндүн ичинде чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алуу маселесин чечүүнү тапшырган.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги чакан ГЭСтер тууралуу Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу боюнча отчёт берди.
Шаршемби күнү мамлекет башчы бизнес-коомчулук менен жолугуп Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жетекчилигине эки күндүн ичинде чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алуу маселесин чечүүнү тапшырган. Аталган маселени ишкер Рахатбек Ирсалиев көтөргөн.
"Мындан ары мыйзамдарды, жарлыктарды аткарбай саботаж кылып, бюрократия менен алектенсеңер бардык жетекчилик курам менен арызыңарды алып мага келесиңер. Эми жөн эле кызматтан кетпейсиңер, камалып кетесиңер. Силерге эки күн убакыт берем", — деп айткан Жапаров.
Министрликтин маалымат кызматы Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги ишкер Рахатбек Ирсалиев жана "Impex Trade" (Сокулук ГЭС2) ишканасынын өкүлдөрү менен жолугуп, чакан ГЭСтердин ишмердүүлүгү тууралуу талкуулашканын белгиледи.
"Жолугушуунун жыйынтыгында "Чыгыш электр" мамлекеттик ишканасы "Ак-Терек ГЭС", "Ала-Баш ГЭС" жана "Тоң ГЭС" компанияларынан электр энергиясын сатып алуу келишимине кол коюлду", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстандагы ГЭСтер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2021
Кышында жарыксыз калбайбызбы? Өлкөдөгү ГЭСтердин абалы жана картасы
Мындан сырткары, "Түндүк электр" жана Энергетика министрлиги "Impex Trade" ЖЧК менен чакан ГЭСтерди куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча келишим түзүшкөн.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров ишкерлер менен жолукканда мурдагы энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жарлыкты саботаж кылганы кызматтан кетишинин бирден-бир себеби болгонун айткан. Жапаров Ирсалиевдин компаниялары менен макулдашуу түзүүнү тапшырса министр аны аткарбай койгон.
"Ак-Терек ГЭС", "Ала-Баш ГЭС" жана "Тоң ГЭС" компаниялары Рахатбек Ирсалиевге таандык.
Жаңылыктар түрмөгү
0