Өмүрбек Суваналиев кызматын тапшырганын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБаткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев. Архив
Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Аткаминер бул кызматка 2021-жылдын февраль айында келген. Ага чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткени тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына тастыктады.
Ал мындай чечим башка кызматка кетип жаткандыгына байланыштуу кабыл алынганын билдирди.
Аткаминер портфель менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2021
Мамкаттоонун мурдагы жетекчиси Суваналиевге орун басар болуп Баткенге барды
Бирок эмне кызматка кеткенин так айткан жок.
Аткаминер бул кызматка 2021-жылдын февраль айында келген.
Суваналиев буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматын аркалаган. Жээнбеков кызматтан кетер алдында жумуштан алынган болчу. 
Аталган облусту Суваналиевге чейин Жаныбек Жалалов башкарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0