Парламент Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан четтетти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЖогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Депутат Дастан Бекешев Калиеванын өзүн чакырып пикирин угууну сунуштап, "балким, ага басым болуп жаткандыр" деп шек санады.
БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматтан убактылуу четтетти.
Парламентке мындай сунушту мамлекет башчы Садыр Жапаров киргизген. Президенттин ЖКдагы өкүлү Анарбек Калматов укук коргоо органдары тарабынан Калиевага кылмыш иши козголгондон кийин Дисциплинардык комиссия тергөө бүткөнгө чейин аны кызматтан четтетүү чечимин чыгарганын билдирди.
Натыйжада көпчүлүк депутаттар президенттин сунушун жактырып, төрт эл өкүлү каршы добуш берди.
Депутат Дастан Бекешев жыйынга Калиеванын өзүн чакырып пикирин угууну сунуштап, "балким, ага басым болуп жаткандыр" деп шек санады.
Ал эми президенттин өкүлү Жогорку соттун төрайымынын иши тергөөдө каралып жаткандыктан пикирин угууга негиз жоктугун билдирди.

Жогорку соттун төрайымынын иши

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Шашып жатышат. Калиева аны жоопко тартууга жол ачкан чечим боюнча үн катты

УКМК "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. Аны менен катар Калиевага да эки иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Ал эми Жогорку сот УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айтып келет.
Жыйынтыгында УКМК материалдарды Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Ал орган Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясына сунуштама жиберген. Бул орган материалды карап чыгып, Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.
Жаңылыктар түрмөгү
0