Бекешев: жаңы Конституциянын автору 4 эле депутат экен, калганы жасалмаланган

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат Дастан Бекешев. Архив
Депутат Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.03.2021
Жазылуу
Эртеден бери жаңы Баш мыйзамдын автору делген депутаттардын аты-жөнү так айтылбаганы үчүн парламентте талаш болууда.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Конституциянын жаңы долбоорунун демилгечилери төрт эле депутат экени расмий документте жазылып турат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында долбоор каралып, эртеден бери жаңы Баш мыйзамдын автору делген депутаттардын аты-жөнү так айтылбаганы талаш жаратты.
"Авторлор бар экен, өкмөт менен тармактык комитеттин корутундусун, Жогорку Кеңештин токтом долбоорун карап чыктым. Ал жерде жаңы Конституциянын долбоорунун автору катары Акылбек Жапаров, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Мирлан Бакиров жазылган. Башка депутаттар ноябрда кол койгон, аны кошуп алып бул документке тиркеп жатышат. Бул жөн эле жасалма болуп калды. Келечекте ошого жооп бересиңер. Биз беш айдан кийин кетебиз, беш жылдан кийин көп депутаттар ыйлашат. Азыр кайсы бир кызыкчылыкты көздөп жаткандыр, бирок аларга башкача жол менен кайтып келет", — деди Бекешев.
Белгилей кетсек, Конституцияны өзгөртүү демилгесин 80 эл өкүлү көтөрүп чыгышы шарт.
Жаңылыктар түрмөгү
0