Садыр Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен "Ак ордодо" жолукту

© Фото / Фотохост-агентство sco-russia2020.ru / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик иш сапары менен барды. Учурда президенттер тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Нур-Султандагы "Ак ордодо" жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Садыр Жапаров Казакстанга учуп кетти. Коштоп баргандардын тизмеси
Ардактуу кароолдун башчысынын рапортунан соң президенттер Казакстандын мамлекеттик туусуна келип башын ийишти.
"Ак ордонун" фойесинде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев сүрөткө түшүп, андан кийин мамлекет башчылары тар чөйрөдөгү сүйлөшүүгө киришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0