Садыр Жапаров иш сапары менен Россияга учуп кетти. Коштоп кеткендердин тизмеси

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАсмандагы учак. Архив
Асмандагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Жазылуу
Иш сапардын жүрүшүндө Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, чет өлкөгө жасай турган биринчи иш сапары менен Россияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Иш сапардын жүрүшүндө Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Мындан сырткары, ал Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды пландаштырганы айтылды.
Жапаровдун Россиянын бизнес-коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана студенттер менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Президентти коштоп кеткен делегациянын курамы:
  • Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;
  • Президенттин аппарат жетекчиси — Сүйүнбек Касмамбетов;
  • Биринчи вице-премьер-министр — Артем Новиков;
  • вице-премьер, экономика жана каржы министри — Улукбек Кармышаков;
  • Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы — Дастан Дүйшекеев;
  • КРдин Россиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси — Гүлнара-Клара Самат;
  • Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри — Алымкадыр Бейшеналиев;
  • Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскарбек Жаныбеков;
  • Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри — Гүлмира Абдралиева;
  • Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;
  • Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору — Алмамбет Шыкмаматов;
  • Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы — Кабыл Абдалиев;
  • Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу — Бактыбек Кудайбергенов.
Жаңылыктар түрмөгү
0