"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын директору кызматынан алынды

© Фото / пресс-служба ФГИ КР “Бишкек” эркин экономикалык зонасынын директору Дүйшөн Ирсалиев. Архив
 “Бишкек” эркин экономикалык зонасынын директору Дүйшөн Ирсалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирсалиев директор болуп беш жыл бою иштеди. Ага чейин бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын директору Дүйшөн Ирсалиев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тийиштүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Ирсалиев бул кызматта 2015-жылдан бери иштеп келген. Буга чейин депутаттыкка талапкер, Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик мүлк фондунун аппарат жетекчисинин орун басары болгон.

Сурабалдиева вице-премьерликти ким сунуштап, кантип макул болгонун айтты

Эркин экономикалык аймагында жеңил өнөр жай тармагынын товарлары, азык-түлүк, курулуш материалдары чыгарылып, кызматтар көрсөтүлөт (юридикалык, унаа, учак менен товар ташуу, камсыздандыруу).

Жаңылыктар түрмөгү
0