00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Садыр Жапаров: УКМК Матраимовду камайын дегенде мен токтотуп калдым

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция Садыра Жапарова в госрезиденции "Ала-Арча"
Пресс-конференция Садыра Жапарова в госрезиденции Ала-Арча - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы жылдын соңуна чейин жетишпестик 30 миллиарддан ашык экенин айтып, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын белгилеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалып, кайра бошотулушу боюнча BBC радиосуна берген маегинде түшүндүрмө берген.

Ал Райым Матраимов боюнча чечимди өзү кабыл алганын билдирген.

"УКМК жетекчиси "камайм" деп айтты. Анткени Райым башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданган экен. Аны кармап келишкенден кийин мага чалып, камакка алабыз деп айтышты. Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели дедим. Анткени буга чейин эки жыл мурун Алмазбек Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүңөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Кубанычбек Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле Албек Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов жана башкалардын бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок!" – деген Жапаров.

Премьер-министр анын иштөө стили башкача экенине токтолгон.

"Мисалы, Райымды азыр алып барып, беш секундда камап салсак болот. Төрт дубалда жата берет, бирок бир тыйын келбейт. Анткени ал өзү камалгандан кийин эсептери жабылат. Мындайча айтканда, кустура албайбыз. Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинесин, макул бир объектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот. Ошондуктан мен силерден суранам, бир эле Райым эмес, бардык коррупционерлер "кусат". Биз кустуруу жолу менен кетебиз. Андай кылбайбы, камакка алынат. Кечээ күнү кармалгандан кийин дароо 80 миллион сом төктү. Тергөө органдары менен иштеше турган болду. Ноябрдын аягына чейин 2 миллиард сом төгөт. Эми бул башы эле, азыр изилдене элек. Мына Ташиевдин кызматка чыкканына үч эле күн болду. Үч күндүн ичинде кармап келди. Менин деле жумушту баштаганыма үч эле күн болбодубу. Анан эми эч нерсе боло электе эле дүрбөлөңгө түшүп, "мурун сүйлөшүп алышыптыр", "анан чыгарып жиберүүдө" дегенди токтотуп, тескерисинче, эл-журт, журналисттер бизге колдон-буттан алып жардам берип турсаңыздар. Эгер коомчулук талап кылса, азыр дароо камакка алып койгонго болот, бирок андан эмне пайда?.." – деп суроо салды Жапаров.

Өкмөт башчы жылдын соңуна чейин жетишпестик 30 миллиарддан ашык экенин белгилеп, бюджет тешигин бүтөө зарылдыгын кошумчалаган.

Эске салсак, кечээ, 20-октябрда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов кармалган. Кийин ал бюджетке келтирген зыяндын ордун толтура баштаганы кабарланган. Сотто баш коргоо чарасы каралып, сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен үйүнө жиберилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0