Жогорку Кеңештин мамлекеттик Ала-Арча резиденциясындагы жыйыны - Sputnik Кыргызстан

Жээнбековдун отставкасын кароого чогулган парламент, өлкөдөгү абал. Онлайн-репортаж

Жазылуу
Кыргызстандагы саясий кырдаал күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүүдө. Бир нече күндөн бери миңдеген киши митингге чыгып талап кылгандыктан, кечээ президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кете тургандыгын айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеш мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында Жээнбековдун оставкасын карайт.

Ал арада парламент төрагасы Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруу вазийпасынан баш тарткандыгы айтылууда. Бул туурасында Садып Жапаров чогулган элге чыкканда билдирди.

"Ала-Арча" резиденциясында, дегеле Кыргызстанда, анын ичинен Бишкек шаарында кандай окуялар болуп жаткандыгын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан таанышып турсаңыз болот.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
12:24 16.10.2020

Социалыдк тармакка тарыхчы Кыяз Молдокасымов мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков боюнча пост жазып, Кара-Кулжадагы үйүнүн сүрөтүн койду. 

Ажонун айылдагы жай жашоосу башталат Бул үй бүгүн эле кызматтан кеткенин билдирген Сооронбай Шариповичтин Кара...

Опубликовано Kyias Moldokasymov Четверг, 15 октября 2020 г.
12:09 16.10.2020

Президенттик жана парламенттик шайлоонун бир өткөрүүгө мыйзам жол берет. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайладабекова Sputnik Кыргызстандын кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, Конституция боюнча парламенттик шайлоо эки айдын ичинде, президенттик үч айдын аралыгында өткөрүлүшү шарт.
"Мыйзамдарда болбосун деген чектөө жок. Бирок биз консультацияларды өткөрүшүбүз керек. Парламенттик кайра шайлоону БШК дайындайт, ал эми президенттик шайлоону Жогорку Кеңеш бекитет. Эки субьект кеңешип көрүп, чечим кабыл алынышы керек", — деди Шайлдабекова.
Ошондой эле ал президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров шайлоого катыша албай турганын кошумчалады.

11:43 16.10.2020
11:34 16.10.2020

"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов: Шайлоо босогосун 3%га түшүрүү, күрөөнү 1 миллион сомго чейин азайталы, №2 форма менен добуш берүүгө тыюу салалы. Жаңы, жаш партиялар келишсин, биз аларды көчөгө таштап коюп кайра эле кыйындар келип калсак, дагы ушундай окуялар кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

11:29 16.10.2020

 "Бир мандаттуу шайлоо өткөрүүнү оюмдан кайттым. Шайлоо босогосун 3 эмес, 5 пайызга чейин түшүрсөк. Түнү менен отуруп, мыйзамдарды карап чыктым. Юристтер дагы айтты. Негизи шайлоолорун мөөнөтүн 10-январдан ары өткөрбөш керек экен. Андыктан келерки жумада шайлоонун качан болору белгилүү болуп калат", - деди Жапаров. 

11:26 16.10.2020

Зулпукаров: Мен шайлоо босогосун 11 пайызга чейин көтөрүүнү колдоп келгем, бирок азыр ал өз оюмдан кайттым 3 пайызга чейин түшүрсөк болот экен. ЖК эки жолу шайланган киши кайра эл өкүлү болуп келбесин. 

11:25 16.10.2020

Азыр бардык бийлик Жапаровдун колунда экендигин, “бул оңбогондой оор жүк”, өлкөдө кырдаал кыйын болуп жаткандыгын белгилеп, мыйзам боюнча анын президенттик шайлоого бара албай тургандыгын эскертти. Текебаев Садыр Жапаровдун ишине ийгилик каалап, эл андан көп нерсени, керек болсо кереметти күтүп жаткандыгын айтты.

Ал эми Камчыбек Ташиевди мамлекеттик катчы эмес, "доссекретарь" деп атай тургандыгын,  ал достуктун үлгүсүн көрсөтүп, Жапаровду саясий Олимпке чыгаргандыгын белгиледи.

11:03 16.10.2020
11:01 16.10.2020

Сооронбай Жээнбеков менен Садыр Жапаровдун сүрөттөрү

10:58 16.10.2020
10:53 16.10.2020
10:52 16.10.2020
10:50 16.10.2020

Төрага Канатбек Исаев Сооронбай Жээнбековдун үч жылдагы эмгегин белгиледи. Андан сырткары экс-президент катары ага тиешелүү артыкчылыктардын сакталып калышын айтты. 

10:48 16.10.2020
10:46 16.10.2020
10:45 16.10.2020
10:45 16.10.2020
10:42 16.10.2020

"Кызматтан кетүү туура же туура эмес экендигин тарых өзү таразалайт. Кудай жана элим алдында жүзүм жарык”, -  деди Жээнбеков. 

Иш болгон жерде кемчилик да кезигерин айтып, ал үчүн элден кечирим сурады. 

Төмөндө кайрылуунун толук текстин беребиз:

Урматтуу мекендештерим!

Урматтуу депутаттар!

Президенттик кызматка шайланганыма кечээ үч жыл болду.

Кудайдын буйругу экен, элдин колдоосуна таянып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары менен биргеликте ички жана тышкы саясатта бир топ иштерди аткардык.

2017-жылы президенттикке аттанганда берген негизги убадаларымды аткаруу — ушул үч жылдык эмгегимдин өзөгүн түздү.

Президенттик мөөнөтүмдүн алгачкы жылын тышкы саясатты жолго коюуга жумшадым.

Бул көзгө көрүнбөгөн, бирок көп убакытты жана күч-аракетти талап кылган түйшүктүү иш болду.

Тышкы саясатты улуттук кызыкчылыктарыбызга толук жооп бергидей жүргүздүк.

Мамилебиз солгундап калган мамлекеттер менен өнөктөштүгүбүздү бекемдедик.

Өлкөнү санариптештирүү, калкты таза суу менен камсыздоо, жаңы жерлерди өздөштүрүү, калкты турак жай менен камсыз кылуу — бул менин президенттик ишимдин негизги багыттары болду.

Ички миграцияны токтотуу максатында аймактарды өнүктүрүү саясатына өзгөчө басым жасадым. Бюджеттик жана өлкөнүн финансы институттарынын каражатын элетке бура алдык.

Өлкөбүздүн экспорттук потенциалын көтөрүү максатында аймактардагы ишкерлер, өзгөчө, кайра иштетүү тармагы сезилерлик каржылык колдоо алышты.

Соттук-укуктук реформаны ордунан жылдырдык.

Коррупцияга каршы күрөш жүрдү.

Көп жылдар бою талашка түшүп келген "Коопсуз шаар" долбоорун ордунан жылдырдык. Патрулдук милиция өлкө борборунда ишин баштап, Ош шаарында даярдалууда.

Мына ушул жана башка иштердин баары эң биринчи кезекте — ар бир жарандын жашоосун жакшыртуу максатында жасалды.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөбүздүн тарыхы 6-октябрга чейин жана андан кийинки учуру деп өлчөнүп калды. Бул факт.

Бул бурулуш бизге эмне алып келет — тарых жана убакыт өз баасын берет.

Бул күндөр ар бир кыргызстандык үчүн эң оор күндөр болду.

Менин дарегиме колдоо айтуу менен бирге, мамлекет башчысы катары тез арада кырдаалды жөнгө салуу талаптары, катуу сын пикирлер айтылды.

Кыйчалыш учурда эмнелер жасалганын азыр кайрадан айтып отурбайын. Болгон күч-аракетимди өлкөнү укуктук талаага кайтарууга жумшадым.

Мамлекетибиздеги журт тааныган ишмерлер жана өнөктөштөрүбүз менен консультацияларды жүргүздүм.

Жүздөгөн мекендештерим тынчсыздануусун билдирип, кеңештерин айтышты.

Баарыбыз үчүн өлкөдөн өткөн дөөлөт жок экендигине дагы бир ирет ынандым.

Биздин жарандык коом күчтүү жана ачык деп буга чейин айтып келгем.

Жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын ушул күндөрдөгү аракеттери, „Кыргызстан — укуктук өлкө“ экендигин далилдөөгө багытталды.

Мына ушундай жарандык позицияңар үчүн баарыңарга ыраазылыгымды билдирем.

Опурталдуу күндөрү коомдук тартипти сактаган элдик дружиналар — чыныгы каармандарыбыз болуп калды.

Алар Бишкек шаарынын тургундарынын терең сый урматына татыктуу.

Учурдан пайдаланып,  Кыргызстандын тагдырына кайдыгер карабаган өнөктөштөрүбүздүн, анын ичинде Россия Федерациясынын, Казакстандын, Америка Кошмо Штаттарынын, Великобританиянын, Бириккен улуттар уюмунун, Евробиримдиктин жана ТүркПАнын жетекчилигине ыраазылык  билдирем.

Урматтуу мекендештерим!

»Мамлекеттин башына эң кыйын учур келгенде, жоопкерчиликти таштап кетип калууга акысы жок« деген элдин үнүн угуп, бул күндөрү болгон аракетимди жумшадым.

Мен үчүн — өлкөбүздүн бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, коомубуздун ынтымагы баардык кызмат ордунан бийик.

Мен үчүн ар бир жараныбыздын ден соолугу, ар бир мекендешимдин өмүрү — баарынан кымбат.

Өлкөбүздө тынчтыкты сактап калуу, элди бөлүп жарбоо максатында Президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алдым.

Албетте, бул чечим коомчулук тарабынан ар кандай кабыл алынууда.

Бул туура чечимби же жокпу — тарых жана убакыт таразалайт.

Кудай алдында, кадырлуу журтумдун алдында жүзүм жарык.

Ушул курак, ушул кызматка жеткенге чейинки топтогон тажрыйбамды мындан ары да элим үчүн колдон келишинче жумшайм.

Албетте, бүтпөй калган иштер калды. Буга ичим ачышпай койбойт.

Аткарылчу дагы милдеттер көп эле.

Ар бир президенттин чоң кыялы, максаты болот экен.

Менин амбициялуу максатым — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору эле.

Бул долбоор боюнча жогорку денгээлдеги сүйлөшүүлөр болуп, саясий чечим кабыл алынган.

Эксперттер ишке киришип, маселе ордунан жылган.

Билесиздер, бул долбоор Кыргызстандын келечеги үчүн аба менен суудай зарыл.

Бийликке келе жаткан азаматтарга ушул ишти улантуу аманатын калтырып, кетип жатам.

Кудайдын колдоосу менен ушул долбоордун ишке ашуусун тилейм. Ийгилик каалайм.

Урматтуу мекендештерим!

Иш болгон жерде кемчиликтер болду.

Алар үчүн, кадырман элим, сиздерден кечирим сурайм.

Ар бир мекендешиме ден-соолук жана бакыт-таалай тилейм.

Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун.

Үч жылдык ишимде мага ишеним көрсөтүп келген мекендештериме, чогуу иштешкен бардык бийлик бутактарына, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, өзүмдүн аппаратыма, жарандык коомго жана медиа тармагына терең ыраазылыгымды билдирем.

»Эки тизгин, бир чылбырды колго алып жаткан« жаңы бийликтин ишине ийгиликтерди каалайм.

Баарыбыздын тагдырыбыз жалгыз гана Кудайдын амиринде.

Мээримдүү, ырайымдуу Жараткан Кудайым Өзү колдоп, элибизде  аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!

Аман болуңуздар, урматтуу мекендештерим!

 

 

10:36 16.10.2020

Ал үч жыл ичинде жасаган иштери туурасында айтып жатат. 

10:34 16.10.2020

Иасаев күн тартибинде эки маселе коюлгандыгын айтты. 1.Өзгөчө абалды жокко чыгаруу маселеси. Президент Жээнбековдун кызматтан кетүү боюнча арызын кароо.

10:33 16.10.2020

Андан сырткары өкмөт башчы Садыр Жапаров, төрага Канатбек Исаев келди. 

 

10:23 16.10.2020
10:20 16.10.2020

Жээнбековдун отставкасы боюнча ЖК депутаттары "Ала-Арчага" депутаттар, өкмөт мүчөлөрү келип жатат. Жыйын саат 10:00гө пландалган, бирок баштала элек. 

10:11 16.10.2020

Улуттук банк муну чет элдик төлөмдөрдүн жанданганына жана өлкөдөгү акыркы окуяларга байланышкан кыска мөөнөттүү көрүнүш экенин билдирди. Акыркы эки күн аралыгында доллардын баасы 81 сомго чыгып, дээрлик эки сомго кымбаттады.

Бейшемби күнү кечинде курс 81,5 (сатып алуу) жана 81,9 (сатуу) сомду түзгөн. Азыркы тапта да ушул калыбында кармалып турат.

 

10:10 16.10.2020

"Өткөн түнү Бишкекте тынч болду. Калаада коомдук тартип бузулган фактылар жана мародерлук катталган жок", - деп билдиришти шаардык милициядан. 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0