Россия Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПарламенттик шайлоодон кийинки митинг
Парламенттик шайлоодон кийинки митинг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш болгон Кыргызстанда ички саясий кырдаалдын туруктуу болушуна кызыкдар экенин билдирди.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Россия Кыргызстандагы саясий күчтөрдү өлкөдөгү туруктуулукту сактап калууга чакырды. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Россия достук мамиледеги жана стратегиялык өнөктөш болгон Кыргызстанда ички саясий кырдаалдын туруктуу болушуна кызыкдар. Өлкөдө түзүлгөн азыркы абал Кыргызстандын мындан аркы демократия жолунда өнүгүшүнө мыйзамдуу түрдө гана түрткү болушу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле министрлик Кыргызстан бул кризистик абалдан мыйзам талаасында жана күч колдонуусуз чыгып кетерине үмүттөнөрүн кошумчалады.

Бишкектеги митинг

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

Өкмөт мүчөлөрү элге кайрылды

Эртең менен президент Жээнбеков митинг уюштурган күчтөрдү маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0