Бажы ачык иштейт, облустар жоюлат. "Мекеним Кыргызстан" партиясынын убадалары

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO"Мекеним Кыргызстан" партиясыны баннери
Мекеним Кыргызстан партиясыны баннери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул партия программасынын дээрлик баарын эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде жүзөгө ашырууга ыктаган. Көмүскөдөгү бизнести ачыктап, салыктын бир эле түрүн калтырууну убадалашты. Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө камынып жатышат.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы парламенттик шайлоонун алдында эле негизделди. Лидери — Жогорку Кеңештин VI чакырылышына "Өнүгүү — Прогресс" партиясынын тизмеси менен келип, вице-спикер болгон Мирлан Бакиров. Шайлоого биринчи ирет катышып жатканына карабай алдыңкы орунду ээледи.

Аталган партия ишке ашыруу механизминин негизинде социал-либералдык идеология жактан көптөгөн новатордук, антикризистик идеялары бар команда экенин айтууда.

Sputnik агенттиги "Мекеним Кыргызстан" партиясынын беш жылдык программасынын негизги өзөгү менен тааныштырат.

Бажы ачык-айкын иштейт, бир эле салык калат

Беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана "республика — аймак — айыл" деген үч баскычтуу башкарууга өтүү.

"Бир өлкө — бир салык" принцибин киргизүү. Бардык салыктарды жоюп, ишкерликти жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыруу.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын 2025-жылга чейин толук санариптештирүү. Бажы менен салыктык процесстердин ачыктыгын камсыздоо жана автоматташтыруу. Коррупцияны азайтууга багытталган соттук-укуктук системаны реформалоо.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдоо. Нарында ири логистикалык борбор ачуу. Эл аралык ишенимдүү инвестор менен биргеликте "Манас" аэропортунда жүк ташуучу борборду куруу. Республикадагы аэропортторду калыбына келтирүү боюнча инвестициялык программа иштелип чыгат.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан шайлоого катышчулар. Тизме

Референдум өткөрүп депутат, министрлерди азайтат

Мамлекеттик кызматкерлердин штатын кыскартып, маморгандардагы кайталанган функцияларды жоюу, жеке тараптарга аутсорсингге берүүгө мүмкүн болгон керексиз функциялардан арылуу.

Министрликтер менен ведомстволорду бириктирүү

Көп функционалдуулук принцибин киргизүү. Вице-премьерлер менен министрлердин, министрлер менен башкармалыктын жетекчилеринин функцияларын бириктирүү.

 Жогорку Кеңеш депутаттарынын санын эки эсе кыскартуу. "Мекеним Кыргызстан" депутаттардын саны эмес, сапаты маанилүү деп эсептейт. Ошондо парламентке элдин таламын талашкан билимдүү, чыныгы элдик лидерлердин келишине жол ачылмак.

Бул сунуштардын айрымдарын ишке ашыруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү талап кылынат. Шайлоодон жеңип чыкса дароо референдум өткөрүү демилгесин көтөрүп, кол топтоого киришет.

Өлкө боюнча социалдык дарыканаларды ачуу

"Мекеним Кыргызстан" саламаттык сактоо тармагын кардиналдуу өзгөртүү концепциясын иштеп чыкты.

Рыноктук принциптер менен ооруканалардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Ал үчүн инвесторлорду тартуу керек: жер, имарат, адамдык ресурстар – мамлекет тарабынан, имаратты модернизациялоо, дарылоо технологиясы – инвестордон.

 Жакыр жашаган үй-бүлөлөр жана пенсионерлер үчүн өзү каалаган дарылоо мекемесине (менчигинин түрүнө карабай) барышына шарт түзүү үчүн сертификат же ваучер системасын киргизүү. Бул медициналык мекемелер арасында атаандаштыкты да күчөтөт.

Өлкө боюнча социалдык дарыканалар түйүнүн ачып, дары-дармектерди өз баасында сатуу.

 Алыс мектептерге окуучуларды автобус ташыйт

Жаңы мектептерди куруу жана оңдоп-түзөө үчүн бизнес менен өнөктөштүк боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу. Ишкер мектеп курууга же оңдоп-түзөөгө салган каражатынын ордуна салыктык жеңилдиктерди алууга тийиш.

Окуучулары аз жана мугалим жетишпеген айыл жерлерине чакан мектептерди куруунун ордуна окуучуларды жакын жердеги чоңураак мектептерге ташуу керек. Бул үчүн "Мектеп автобусу" деген улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Мындай программа аймактарда жолдорду куруу жана реабилитациялоо долбоорунун өнүгүүсүнө түрткү берүүчү катализаторго айланат.

Аравандагы мушташ: БШК эки партиянын талапкерлерин жарыштан четтетти

Начар иштеген университеттер жабылат

Өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларды көз карандысыз эл аралык комиссиялар аркылуу аккредитациядан өткөрүү. Анын жыйынтыгы менен билим берүүнүн жогорку талаптарына жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек.

Эмгек рыногу талап кылган ар кайсы кесиптерге кадрларды даярдоо боюнча улуттук программа иштеп чыгуу;

Жеңилдетилген шартта окутуу программасын киргизип, анын натыйжасында жаш адистерди мамлекеттик тапшырма менен аймактарда ишке орноштуруу;

Жогорку окуу жайлар менен бизнестин ортосунда эки тарапка тең пайдалуу шартта кызматташуу боюнча байланыштарды түзүү.

Кыргыздын айнаамасын жана Орхон-Енисей жазууларын – Түштүк Сибирь менен Борбор Азиянын байыркы түрк рун жазуулары эстелигин ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн мамлекеттик деңгээлде иш алып баруу.

Интернет кодексин жазышат

"Мекеним Кыргызстан" партиясы өлкөдө сөз эркиндигин чыңдоого жана жарандык коомду өнүктүрүүгө багытталган бардык мыйзамдык демилгелерди колдоо ниетинде.

Кыргыз интернет-конституциясын (кодексин) иштеп чыгуу керек. Аны жарандык коомдун кадыр-барктуу өкүлдөрү, журналисттер, бийлик өкүлдөрү жана депутаттардан турган топ түзүшү керек.

Лицензия алуу баш оору болбойт

Бизнести каттоодогу жана жүргүзүүдөгү бардык процедураларды кардиналдуу түрдө кыскартуу жана жөнөкөйлөтүү.

Уставдык капиталды кыскартып, кийин биротоло жоюп салуу.

Лицензиялоо жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү. Лицензиялык ишмердик тизмесин кыскартуу.

 Кризистик шартта бир жылга көчө соодасына эч кандай документтерсиз уруксат берүү, базарлардагы соодагерлерден патент үчүн төлөм алууну токтотуу.

Doing Business-2020 рейтингинде Кыргызстан 80-орунду ээлеп, бир жылда он позицияны жоготту. "Мекеним Кыргызстан" 2025-жылы бул рейтингде алдыңкы жыйырмалыкка түшүүнү максат кылат.

Депутат болгум келет. Өкмөттө иштеген 140 кызматкер шайлоого катышууда

Кыргызстан IT-хабга айланат

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын Кыргызстанды Борбор Азия менен Европаны, Азия менен Жакынкы Чыгышты байланыштырган IT-хабга айлантуу үчүн жаңы идеялары бар.

Өлкөнү бүтүндөй интернеттештирүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасын иштеп чыгуу. Интернет арзан жана ар бир адамга жеткиликтүү болушу керек.

Санарип трансформация боюнча инновациялык билим берүү программаларын иштеп чыгуу.

IT тармагындагы бизнестин бардык түрлөрү үчүн максималдуу либералдашууну камсыз кылуу.

Жалпы IT-инфраструктурасын пайдаланууну, ачык маалыматтарды жана маалымат алмашууну, электрондук төлөмдөрдү жөнгө салуунун жол-жобосун бекиткен кодексти кабыл алуу.

Интернет-маркетингинен тарта QA-инженерлерине чейинки IT тармагындагы кесипкөй адистерди көбөйтүү боюнча мамлекеттик тапшырма коюу. Бул адистиктер мамлекеттик деңгээлде колдоого алынышы керек;

Шайлоочу кимге добуш бергенин партиялар текшере алабы? БШКнын жообу

Көмүр жакпаган жылуулук станциялары курулат

Көмүр колдонгон жылуулук электр станцияларын жана от казандарын куруудан баш тартуу.

Жеке сектордо жылытууну энергия үнөмдөөчү газ мештерине тезинен которуу.

Суук мезгилде электр энергиясына дифференциалдуу тариф киргизүү.

Күндөн жана шамалдан электр энергиясын алууну өнүктүрүү.

Бардык мамлекеттик мекемелерди энергия үнөмдөөчү чырактарга өткөрүү.

Био жер семирткич өндүрүүнү стимулдаштыруу.

Мал чарбасында зыяндуу дары-дармектерди, анын ичинде антибиотик менен анаболиктерди колдонууга катуу көзөмөл киргизүү.

"Мекеним Кыргызстан" партиясы берген убадаларды толугу менен БШКнын сайтынан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0