БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик 75-сессиясында видеокайрылуу жасап жатып, Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгондугун эске салды.
Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан БУУнун Баш катчысынын жүргүзгөн реформаларын колдоорун билдирди.
Чакан өлкөлөрдөгү универсалдуулук, натыйжалуулук жана кеңири географияга таанытуу принциптерин сактап калуу маанилүү экендигине токтолду.
"Кыргызстан жакынкы жылдардагы Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койду. Биз ошондой эле адам укуктарын, укук үстөмдүүлүгүн жана демократияны коргоого чоң маани беребиз. Адам укуктары боюнча кеңештин кезектеги шайлоосунда бизди колдоп берүүңүздөрдү өтүнөбүз", — деди президент.
Эске салсак, 2018-жылдын соңунда Кыргызстандын Адам укуктары боюнча кеңешине өкүлдүгү аяктаган. Анткен менен Кыргызстандын аталган советке качан мүчө болууга ниеттенип жатканы так айтылган эмес. Аталган кеңеш БУУнун системасындагы укук коргоо органы.
БУУга туруктуу эмес мүчө болуу планы
Жээнбеков 2018-жылы сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Кыргызстан 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин коюп жаткандыгын айткан.
Жээнбеков БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду
2016-жылы Кыргызстан Башкы Ассамблеянын 71-жыйынында Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштаган. Мындай демилгени БУУнун Башкы Ассамблеясынын 71-жыйынында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирген эле.
"БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги беш мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерин чечип коюп жатат", — деген пикирин айткан.
Абдылдаев көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алууну шарттай турган учур — БУУнун башкы органын реформалоо мезгили бышып жетилгенин билдирген.
Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши деген эмне?
БУУнун Коопсуздук кеңеши — Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу иштеген курамы жана БУУнун алты башкы органынын бири. Ага учурда БУУга мүчө 15 мамлекет кирет. Алардын бешөө (АКШ, Россия, Улуу Британия, Кытай жана Франция) туруктуу жана алмашпай турчу статуска ээ. Ошондой эле аларга вето коюу укугу берилген. Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес 10 мүчө кирет. Алар эки жылдык мөөнөткө шайланат, алардын укуктары чектелген (мисалы, вето колдонуу укугу жок).
Жети өлкө БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды
Бир катар мамлекеттер Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болууга көптөн бери аракет кылып келет. Талапкер мамлекеттердин катарында Бразилия, Япония, Германия жана Индия бар.