БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмун реформалоону сунуштады. Мындай демилгени БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-жыйынында КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.
Ал аталган уюмдун ролу азыркы ааламдашуу мезгилиндеги коркунучтар менен чакырыктарга каршы турууда абдан маанилүү экенин белгиледи. Ошол эле учурда дүйнө коомчулугунун тагдыры үчүн кабыл алынган чечимдер үчүн анын жоопкерчилиги да чоң экендишгин айтты.
"Учурда БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги беш мүчө бардык мамлекеттердин коопсуздук маселелерин чечип коюп жатат. Тынчтык, согуш жана дүйнөнүн башка аймактарындагы туруктуулук маселелери алардын бир пикирге келишинен көз каранды. Андан сырткары Кеңештеги туруктуу беш мүчө каалаган чечимди токтотуп коё алат. Андыктан БУУнун башкы органын реформалоо мезгили бышып жетилди деп ойлойбуз. Ал көпчүлүк мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алышы шарт", — деди министр.
Анын айтымында, алгач БУУга 50 мамлекет мүчө болгондо Коопсуздук Кеңешинде 15 мамлекет кирип, бардык кызыкчылыктар эске алынган. Учурда уюмга 193 мамлекет мүчө, андыктан Кыргызстандын пикиринде, демократияны таратуу улуттук алкактын негизинде гана чектелип калбашы керек. Андыктан БУУнун башкы органдарына, анын ичинде Коопсуздук Кеңешине да мүчөлөрдү шайлоодо демократиялык принциптерди киргизүүнүн маалы жеткенин Абылдаев баса белгиледи.
Коопсуздук Кеңеши — Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу иштеген курамы жана БУУнун алты башкы органынын бири. Ага учурда БУУга мүчө 15 мамлекет кирет. Алардын бешөө (АКШ, Россия, Улуу Британия, Кытай жана Франция) туруктуу жана алмашпай турчу статуска ээ. Ошондой эле аларга вето коюу укугу берилген. Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес 10 мүчө кирет. Алар эки жылдык мөөнөткө шайланат, алардын укуктары чектелген (мисалы вето колдонуу укугу жок).
Бир катар мамлекеттер Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө болууга көптөн бери аракет кылып келет. Талапкер мамлекеттердин катарында Бразилия, Япония, Германия жана Индия бар.