Жээнбеков: бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрү айып пул төлөшүңөр керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнүн топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшкөнү вируска каршы аракеттердин баарын жокко чыгарат деген пикирин айткан.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мындан эки күн мурда өкмөт үйүнүн алдында бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнүн айып пул төлөшүн айтты.

Эске салсак, 17-июнда Абылгазиев кызматын өткөрүп берди. Аны чогуу иштешкен кесиптештери узатып, соңунда өкмөт үйүнүн алдына жалпы сүрөткө түшүшкөн. Сүрөткө болжол менен 100дөн ашык киши, эч кандай бет кабы жок эле тартылган. Ал соцтармакта кайчы пикир, нааразычылыктарды жараткан.

Бул боюнча Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу

Абылгазиевди узатууда өкмөттөгүлөрдүн түшкөн сүрөтүнө түшүндүрмө берип, кечирим сураган.

Бүгүн Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында бул боюнча сөз кылган.

"Буга кошумча, Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат", — деп мамлекет башчысы өкүнүү менен белгилеп, медиктердин талаптарын бузгандарга айып пул салууну талап кылганы маалым болду.

Работа медиков с больными COVID-19 в клинике МГУ - Sputnik Кыргызстан
Бээнин сүтүн ичип жүргөн. Өлкөдө коронавирустан дагы бир адам каза болду
Мамлекет башчы өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып, айып пул туурасында айткан.

"Бул чаралар өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек", — деген Жээнбеков өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.

Бүгүн президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна жол бербей, абалды андан ары турукташтырып алып кетүүдө жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги чоң экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0