Бизнесмен Шаршенбек Абдыкеримов депутат болуп келет

© Фото / Сагын АйылчиевИшкер Шаршенбек Абдыкеримов. Архив
Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Партиянын кийинки тизмесиндеги талапкерлерге мандат берүү маселесин Борбордук шайлоо комиссиясы эртең карайт.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. “Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп Шаршенбек Абдыкеримов жана Жаныбек Жоробаев келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Депутат ЖК Айгерим Бешимбаева - Sputnik Кыргызстан
Жаш депутат Бешимбаева: менин ордумда эркек болсо, мамиле башкача болмоктур
Белгилей кетсек, бүгүн “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшырган. Алар мындан ары партиясынын күчүн бекемдеп, шайлоого даярдык көрө турганын айтышкан.

Партиянын кийинки тизмесиндеги талапкерлерге мандат берүү маселесин БШК эртең, 14-майда, карайт.

Шаршенбек Абдыкеримов учурда Улуттук олимпиада комитетинин башчысы. Ага удаа эле Күрөш федерациясын дагы жетектейт. Ошондой эле ал өлкөдөгү ири ишкер катары таанымал.

Ал эми Жаныбек Жоробаев мурда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорунун орун басары болуп иштеген. Салык кызматынын Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирти бар продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө башкармалыгын жетектеген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын мөөнөтү быйыл 30-июнда аяктайт. Октябрь айында парламенттик шайлоо өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0