Мирзиёевдин улуу кызы жаңы кызматы тууралуу үн катты

© Фото / Facebook / Saida MirziyoyevaЗамдиректора Агентства информации и массовых коммуникаций при администрации президента РУз Саида Мирзиёева
Замдиректора Агентства информации и массовых коммуникаций при администрации президента РУз Саида Мирзиёева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басарларынын бири болгон.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президентинин улуу кызы Саида Мирзиёева Маалымат жана массалык коммуникация агенттигиндеги биринчи жумуш күнү боюнча ой бөлүшкөнүн Sputnik Өзбекстан жазды. 

12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саида Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинин директорунун орун басарларынын бири болгон. Ал Өзбекстандын имиджин чет жакта таанытууга жоопкер болгон пиар-борбордун ишин тескейт.

"Президенттин администрациясынын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация агенттигиндеги биринчи күнүм. Жаңы жамаат, тармактагы адистер менен таанышып, алдыга коюлган тапшырмалар боюнча пикир алыштык", — деп өзүнүн Facebook баракчасына жазды. 

Андан сырткары, алдыда жасай турчу көп иштер менен көйгөйлөр бар экенин белгилеп, аны чечүү үчүн талыкпай иштөө керектигин белгилеген.

Саида Facebook жана Instagram баракчаларына жакында эле катталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0